Акыркы кабарлар
» Саясат » Жалил Атамбаев эркиндикке чыгып кетсе, канча “кусту” болду экен?
Жалил Атамбаев эркиндикке чыгып кетсе, канча “кусту” болду экен?
24-январь, 00:49

2024-жылдын 8-августунда камакка алынган Жалил Атамбаев бир нече кылмыш иштерине айыпталып жатканы кабарланган эле. Эске салсак, ал 2021-жылы да кылтакка илинип, 100 миллион сом “кусканы” маалымдалган. Эң кызыгы, учурда Жалил Атамбаевдин эркиндикте жүргөнү, сүйүктүүсү Нуриланын үйүндө жыргап-куунап жашап жатканы каңкууланды. Август айында кармалса, улам баш коргоо чарасы узартылып отуруп, анан кайсы убакта эркиндикке чыгып кеткен? Мамлекетке канча каражат которду? Айтор, олуттуу суроолорду кабыргасынан коё берсе арбын. Расмий органдар эмнеге маалымат берген эмес? Же “көмүскөдөн” ымдашканбы? Такыр түшүнүксүз...
"Азия Ньюс" гезити