Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Нургүл Акимова: “Экспорттун көлөмү көбөйбөсө, кыргыз сомунун куну түшө берет”

Нургүл Акимова: “Экспорттун көлөмү көбөйбөсө, кыргыз сомунун куну түшө берет”

08-октябрь, 21:12
1 883 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Учурда банк системасынын ролу кандай?

-- Базар мамилелери менен байланышкан экономикада банк системасы үч ролду ойнойт. Биринчиден, коммерциялык банктардын жакшы өнүккөн структурасы төлөм системасын башкарат. Экинчиден, башка каржы ортомчулары менен бирге банктар калктын аманаттарын фирмаларга жана бизнес ишканаларына жумшашат. Акча каражаттарын инвестициялоо процессинин эффективдүүлүгү көбүнчө банк тутумунун каражаттарды оптималдуу колдонуу жолдорун тапкан карыз алуучуларга багыттоо жөндөмүнөн көз каранды. Ал эми үчүнчүдөн, коммерциялык банктар Улуттук банктын акча-кредит саясатына ылайык иш алып барып, белгилүү бир экономикалык системада жүгүртүүдөгү акчанын көлөмүн жөнгө салат. Акча массасынын туруктуу жана орточо өсүшү баалардын бир калыптагы деңгээлин сактоо кепилдиги болуп саналат, ага жеткенде рыноктук мамилелер экономикалык системага эң эффективдүү жана пайдалуу түрдө таасир этет. 

-- Кымбатчылык эмненин таасиринде болууда?

-- Эгер экспорттун көлөмү, мигранттардан келген акча жана башка тыштан келген каражаттар көбөйбөсө, анда кыргыз сомунун куну түшүп кетет. Биздин кирешебиздин 1/4 бөлүгү алтындан келчү. Биз тез арада бизнеске көмөктөшпөсөк, анда жашоо кымбаттай берет.

-- Улуттук банктын жетекчилигинин алмашуусу тууралуу кандай ойдосуң?

-- Эч кандай өзгөчө ойлор жок. Экономика кыйналып турган мезгилде кетти. Кептин баары жетекчиде эмес, алар жасаган ишинде да. Кредиттер мурун кандай кымбат болсо, азыр деле ошондой боло берет. Банкирлер баарынан мурун экспорттун көлөмүн көбөйтүүгө көмөктөшсө болмок.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер