Даниил Урицкий кыргыздарга таарынганбы?

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөнов 2005-жылкы төңкөрүштөн кийин качып кетип, ошондон бери чет өлкөдө жашап жүрөт. Даниил Урицкий аталып алганына көп жыл болду. Беларусь өлкөсүнө ири инвестиция салып, ардактуу адамга айланган кербези. Бир чети таңгалычтуу да. Данияр Үсөнов ошол байлыгын Кыргызстанга жумшап, иш орундарын камсыздап, элден кечирим сураса, эп келишмек. Айкөл калкыбыз кечирмек. Себеби, ал Бакиевдердей адам өлтүртүүгө буйрук берген эмес да. Айрым маалыматтар боюнча, Даниил Урицкий кыргыздарга таарынып, мурдагы бийликтен өч алуу үчүн эбегейсиз иштерин жүргүзүп атканы айтылып келет. Акыры таасирдүү дараметин көрсөтүүдө. Өч алганы ушу да. Эми өз жерине кайтып келип, дүркүрөгөн өндүрүштөрдү ачып салса, көпчүлүк алакан чаап кубаттап калмак да.
"Азия Ньюс" гезити