Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Феликс Куловдун карылыгы кошомат кылуу менен өтүүдө

Феликс Куловдун карылыгы кошомат кылуу менен өтүүдө

03-декабрь, 18:14
866 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өлкөдөгү күч түзүмдөрүнүн ишмердүүлүгүнө, же ушул алкакта кандайдыр бир окуялар орун алса, Феликс Кулов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу пост жазат. Акыркы кездери адатка айланууда. Ыгы келсе-келбесе деле бийликти мактап-жактап, генералдарды асманга көкөлөтүп жиберет. Кыкеңдердин арасында тапандар көп эмеспи. Күч органдарына байланыштуу жаңылыктар орун ала баштаса эле Феликс Куловдун пост жазышын сурангандар пайда боло калышат. Какшыкташып, шакаба кылышып. Кайран киши картайып калганбы, андай “кубаттоолорго” эрдемсип, адатынча жагалданмайын карматат. Туй ата! Кошомат кылуудан уялбай деле калды. Бир эсе Феликс байкебиз кыргыздын менталитетин, түпкү кулк-мүнөзүн деле түшүнбөйт тура. Кытмыр мааниде сүрөп койгондорго кошул-ташыл кетет. Чын көрүп, олуттуу сезип алабы? Сексенге жакындаса да эне тилин үйрөнө албаган соң, кайсы муратка жетсин? Эрксизден баш чайкайсың да...  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер