Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирбек Атабеков: “Өлгүсү келгендер башка бирөөгө залакаңарды тийгизбегиле”

Мирбек Атабеков: “Өлгүсү келгендер башка бирөөгө залакаңарды тийгизбегиле”

09-апрель, 13:52
2 119 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Мирбек Атабеков Айзада Канатбекованын өлүмү тууралуу үн катты.

“Өлкөбүздө болгон кайгылуу окуя боюнча биринчиден, Айзаданын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай окуянын болушун эч убакта каалабайт элем.
Экинчиден, чыныгы сүйгөн адам сүйүүктүүсүнө эч качан жамандык кылмак тургай каалабайт дагы. Бул жерде сүйүү жок. Ал эми зордоп, каалоосуна каршы мажбурлап, кыйнап ала качуу жеткен жапайычылык, бул салт эмес!
Үчүнчүдөн, биздин укук коргоо кызматкерлери, шаарыбыздын сакчыларынын кайдыгерлигин биринчи жолу көрүп жаткан жерибиз жок. Эки жыл мурда башталган биздин үй-бүлөгө, апама тийиштүү иштин дагы да болсо аягына чыгара элек, жада калса күнөөлүүлөрдүн бирөөсү дагы жоопкерчиликке тартыла элек. Же болбосо баардык керектүү материалдар кол астында турат. Алар ойгонгончо канча өмүрлөр кыйылып, канча бейкүнөө жандар азап тартышат? 
Сөзүмдүн соңунда, эч бир жан бирөөнүн өмүрүн кыйганга акысы жок экенин унутпайлы. Андай өлгүсү келгендер өлө бергиле, бирок башка бирөө залакаңарды тийгизбегиле. Өмүрдү Аллах берген соң ал гана алалат.
Айзада, карындашым, кечир биздин кайдыгер коомду! Жаткан жериң жайлуу, жаның жаннаттан болсун...”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер