Көрө элекмин көп ичинен элдердин, Сендей эрдин бир кылганын аткарган!


(Турдакун Усубалиевичке!)
25 жыл кармап турдуң рулду,
Кыргыз даңкы кыйла жерге угулду.
Эгемендүү СССРдин ичинде,
Эчен сонун курулуштар курулду...
Эл катары билим алып жаштарың,
Эркин кыргыз жашап турат кылымды!
Бир бүлөдөй, бүт өлкөнү башкардың,
Эл ичинде эмгек менен такшалдың...
Кези келди кененчилик заманда,
Сезимталду сен өстүргөн жаштардын...
Азыр турат алды өлкөнү башкарып,
Түшкөнү жок алар тигил асмандан!
Жүз жашыңа чыкпаган бар, чыккан бар,
Эл бактысы, сизге окшогон сырттандар!
Элдин берген батасы го деп ойлойм,
Жүздөй бийик улуу жашты туткандар...
Калыгулдай кажыбастык кайрат-күч,
Канча доор калкыбызда из калган?..
Көрө элекмин көп ичинен элдердин,
Сендей эрдин бир кылганын аткарган!
Жүз жаштагы торколуу ак тоюңа,
Тоолук элиң келип турат чогулуп...
Узун тарых, улуу жашты тилешип,
Ушул сизге каалоо-тилек тоюңа!..
Карысы бар, ырысы бар элиңдин,
Кабыл алгын, калыс сөздү оюңа...
Качкын ОТОРБАЕВ, улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, “Алтын калем” адабий сыйлыгынын ээси
"Азия Ньюс" гезити











