Айгүл Чалова: "Көнүлү назик адамдар жүрөк ооруткандардан качкыла"
Ырчы Айгүл Чалова жаздын эң алгачкы күнү жагымдуу постту социалдык баракчасына бөлүштү.
“Таарынычтан, өкүнүчтөн, ишенимден талкаланган көңүлүмдү кышы менен дарылап, күтүп жүргөн 20чы жазыма келдим.
Жаз айы кандай керемет. Жаз айын Жаратканым жандүйнөсү назик адамдар үчүн жараткандай сезилет.
Көнүлү назик адамдар, көңүлүңөрдү ооруткан адамдан качкыла, анткени ал адамдарга керек эмессиң. Сенин бул дүйнөдө бар жогуң алар үчүн маанисиз, ошондуктан көңүлүңдү оорутушат.
Сени сүйгөн, сени барктап, сенин амандыгыңды тилеген адамдар менен бирге бол, анткени алардын аура сен үчүн өтө жагымдуу жана ошолор үчүн жаша.
Жашоомдогу жагымсыз нерселерди сабырдуулук менен жеңип, жылмаю менен көрсөтөм. Эң негизгиси, ден соолугубуз бекем болуп, заманыбыз тынч болсо баарыбыздын жашообуз өз нугуна түшүп шартарыбыз огуна келет. Жаздын эң алгачкы күнү баарыбызга дем, күч берсин Кудайым колдосун! Мен үчүн майрамдуу, шаңдуу күндөрүм алдыда”,-деген оюн бөлүштү ырчы айым.