Мирбек Атабеков: “Жараткан жакшы көргөн адамын ар түрдүү сынайт экен"


Ырчы Анжелика Кайратова жол кырсыгына кабылгандан бери шоу-бизнестин өкүлдөрү ырчынын тезирээк сакайып кетишин каалаган посттору байма-бай бөлүшүүдө. Алардын бири ырчы Мирбек Атабеков Анжелика Кайратовага бат сакайып кетишин каалаган постту социалдык баракчасына жарыялады.
“Жараткан жакшы көргөн адамын ар түрдүү сыноо менен сынайт экен. Азыркы тапта элибиздин эрке кызы Анжелика жана анын кыздарына сыноо келип, кырсык каш-кабактын ортосунда дегендей кырсыктаганын баарыбыз уктук. Урматтуу эл-журт, жалгыз гана Жаратканга таянып, сиздерден суранаарым, келиңиздер баарыбыз дуба кылалы. Кечтин артында жаркыраган таң бар. Анжелика Кайратова силерге сабыр тилейм, жана Кудайдын шыпаасын суранам. Тезирээк сакайып, кыздарың менен Ала-Тоону ырга бөлөп, арабызда күлүп, ырдап жүрө бер”,-деп жазды ырчы.











