Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Бактыгүл Бадыева: “ Менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат”
Бактыгүл Бадыева: “ Менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат”
27-январь, 11:46


Ырчы Бактыгүл Бадыевабир канча күндөн бери Инстаграмдагы баракчасына суроо жараткан кыска билдирүүлөрдү калтырууда. Анын акыркы билдирүүлөрүндө: "Азыр менин дарегиме карата коркутуулар болуп жатат, мен эч качан эч кимден коркпойм. Бир гана Алладан корком. Эгер мага бир нерсе болсо, сүрөттөгү адамдар күнөөлүү болот. Кийинчерээк сүрөтүн жарыялайм".
"Көшөгөнү ачууга туура келди. Азырынча мен ал адамдардын сүрөтүн жакындарыма, курбуларыма жөнөтүп жатам. Эгер мага, кыздарыма, үй-бүлөмө бир нерсе болсо, жакындарым күнөөлүүлөрдүн сүрөттөрүн жана менин катымды чыгарат" деп айылат билдирүүдө.
Көпчүлүккө табышмак болгон билдирүүлөрдөн кийин ырчыга байланышканыбызда, азырынча комментарийсиз калтырарын билдирди.











