Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Курал Чокоев: “Мен Бишкекте элемин. Башка өлкөгө кетүүгө оюм да жок”

Курал Чокоев: “Мен Бишкекте элемин. Башка өлкөгө кетүүгө оюм да жок”

12-январь, 12:10
2 641 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Курал Чокоев чет элдик долбоорду кайталайм деп коомдун сынына кабылып, талкуу чордонунан түшө элек. Анын дарегине жакшы да, жаман да пикирлер айтылып, алтургай ырчынын чет өлкөгө чыгып кеткени айтылууда.

Жогорудагы кептин чын-бышыгын билүү үчүн ырчы мырзага байланышканыбызда төмөндөгүлөрдү билдирди.

"Мени башка өлкөгө кетти деген туура эмес. Эч жакка кеткен жокмун, Бишкекте элемин. Башка өлкөгө кетейин деген оюм да жок. Долбоорубуз токтотулду, тартылбайт, видеолор дагы өчүрүлдү. Баары жайында", - деди ал.

Артисттин бул долбоорунун айрым үзүндүлөрүн маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков аргасыздан көргөнүн, ырчы эмнеге мындайга барганын түшүнө албай жатканын айтып, элден кечирим сурады. Ошондой эле Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин чыгармачылыгына чектөөлөр киргизилерин айтты.

Ырчы айтылып жаткан сындардын баарын кабыл аларын, кетирген каталарынын үстүнөн иштей турганын айтып, долбоорду тартууну улантарын билдирген. Кийинчерээк, ырчы долбоор токтотулганын, буга чейин интернет желесине жарыяланган видеолор өчүрүлөрүн айтып чыкты. Ал эми долбоордун коногу болгон шоу-бизнес өкүлдөрү өздөрүнүн пикирлерин билдиришти. 


Супер кж

 
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер