Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Анжелика: “Эх, менин жашоом – бул менин жашоом! Чоң талкуу кылуунун кажети жок эле...”
Анжелика: “Эх, менин жашоом – бул менин жашоом! Чоң талкуу кылуунун кажети жок эле...”
06-январь, 12:15
4 409 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Анжелика Кайратова “жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болот” деп эсептейт. Бул тууралуу ырчы айым социалдык баракчасына жазды.
“Эмнеден баштарымды билбей турам... Эх, менин жашоом – бул менин жашоом! Чоң талкуу кылуунун кажети жок. Болгону, балдары бар, жалгыз бой эне кайсы жашта болбосун турмуш куруп, бактылуу болорун көрсөткүм келет. Төрт жылдан бери кыздарым менен жалгыз саякаттап жүрүп, эс алуучулардын 50 пайызы жалгыз бой энелер экенин көрөм. Балдары менен ойнойт, күлөт, бирок, сырдашкан, ишенген адамы болсо деп тилейт. Чымчыктын дагы уясынын бузулушун эч ким каалабайт. Ушул күнгө чейинки айтылган ушактар – алар бир гана ушактар, токулмалар! Жаап, жашырынып, туура эмес нерселерди Кудай алдында жасабай, таза кадамдарым менен келе жатам. Ар бирибиз бактылуу болууга татыктуубуз. Аракеттенели. Эң негизгиси, тең-теңи менен болуп, жүрөк ээсин тапты!” деп ойлорун бөлүштү ырчы айым.