Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “2020-жылы атамды жана сүйүүмдүү таап, ырахаттанып калдым...”

Назира Айтбекова: “2020-жылы атамды жана сүйүүмдүү таап, ырахаттанып калдым...”

30-декабрь, 15:18
2 054 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Теле алып баруучу, актриса Назира Айтбекова үчүн 2020-жыл ийгиликтүү жана жемиштүү жылдардан болгонун баракчасына жазды.

“2020-жыл мен үчүн сонун жыл болду. Акыркы он жылдагы сыноону жеңип чыккандай, же жардын кырынан өткөндөй, же жаңы төрөлгөндөй, же сынагымды ийгиликтүү тапшыргандай, айтор, жеңиштин даамы бар жеңилденген жыл болду.

2020-жылдын жарымы каткырык, күлкү-шаң , ийгилик менен өттү. 35 жыл издеген үйүмдү, же өзүмдү тапкандай, тынчып, ырахат алып, отурукташып, жыргап калдым. Бул жандүйнөдөгү абал. Ден соолук жак эркеледи. Аллергиялык астма кетпей атат. Анын сырын чече элекмин. Эмнеге келди? Мага эмне айткысы келип атат? Азырынча түшүнбөй жатам. Бирок кабыл алып, аны дагы, жакшы мамиле кылганга үйрөнүп алдым. Апам, балам тынч. Бул жылы мага окшоп алар да тынчыды. Күлкүлөрү көбүрөөк чыкты. Эне катары да бир аз ийгиликтерим болду. Уулумдун үстүнө үйрүлүп түшө бербей, жоопкерчилик карматып, эркиндигин берип, ага толугу менен ишенгенди үйрөндүм. Кадимкидей балам өзгөрдү. Баланы канчалык кое берсең, ал ошончолук өзүнө ишенимдүү болот экен.

Сүйгөндү үйрөндүм, баса. Мурун кайырчыдай суранып, суусап, муктаж болуп, тойбой, түбү тешик чакадай, толбой, бөксөрүп сүйчүмүн. А быйыл тешикти бүтөп, толуп-ташып сүйгөндү үйрөндүм. Мамиле курганды, ишенгенди, шартсыз, эрежесиз, эсептешпей, жөн эле сүйгөндү, сүйүүдөн ырахат алганды үйрөндүм.

Жылдын чоң жаңылыгы атамды таптым, тааныштым, небересин тааныштырдым, айылга алып барып, куран окуттук, кечириштик, тамырымды таптым, жети атамды билдим, бекемдедим. Эң чоң жетишкендигим ушул болду болушу керек. Айтсам эле ишенбейсиңер. Тамыр бекемделмейин, терек бийик өспөйт экен да. Ошону түшүндүм. 

Учур чакта жашадым. Жашоодон ырахат алганды, жыргаганды үйрөндүм. Быйыл балкыдым, айтор. Эркин жашоодо эркин жашай албайт экенбиз да көрсө. Эркиндикке жеттим. Бул да эң чоң жетишкендик. Болуп көрбөгөндөй даамы таттуу экен. 2020-жыл, чоң рахмат сага. Сүйүү жана ыраазычылык менен узатам. 2021-жыл, кош кел. Мүчөлүү жылымсың. Мага эле эмес, кыргыз элиме бакыт алып кел!”, - деп жазды Айтбекова.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер