Сыймык Бейшекеев: “Кайненеме өз апамдай жалынам…”


Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Сыймык Бейшекеев кайненесинин туулган күнүн ыр саптары менен куттуктады. Аталган ыр саптарды окуган ырчынын катталуучулары “ар бир күйөө бала сиздей болсун” деген комментарийлерди калтырып жатышат.
Кайнене эмес, өз апамдай жалынып,
Карааныма садагалап кагылып.
Жетимиштен ашыптырсыз эки жыл,
Желдей сызып өмүр суудай агылып.
Тайенеме барып келели дешип,
Таарынышат уул кыздарым сагынып.
Оорубастан көп жашаңыз деп тилейм,
От өчпөсүн коломтодо жагылып.
Апа сизге узак өмүр каалаймын,
Алла берсин, жашың кылым ашырып.
Белегимди берип куттук сөз айтып,
Бир иш менен жолго кеттим шашылып.
Жакшы күйөө бала болуп жүрөмүн,
Жаманымды келесиз дайым жашырып.
Кайгы билбей санаа тартпай күлүңүз,
Каалоом ушул сак саламат жүрүңүз.
Куттук айтып ыр тилегим сунайын,
Куттуу болсун сиздин туулган күнүңүз!











