Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Элмирбек агам түшүмө кирип жатыптыр”

Назира Айтбекова: “Элмирбек агам түшүмө кирип жатыптыр”

15-декабрь, 12:09
2 688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Белгилүү алпаруучу Назира Айтбекова Элмирбек Иманалиев тууралуу көргөн түшүн жазып чыкты.

“Тер ичинде кыйкырып ойгондум. Таңкы беш болгон экен. Түшүмө кирип жатыптыр агам. Артында эки сүрдүү: бирөө ак, бирөө кара чо-оң канаты бар эки периштеси менен туруптур. Укмуш ыр төгүп атат агам токтоно албай. Тынымсыз, үнүн өктөм чыгарып ыр окуп атат. Жанында өкүл баласы Азамат Болгонбаев колунда комузу менен ал дагы жамгыр сындуу көнөктөп төгүп жатат. Жеңишбек Жумакадыр да жүрөт. Экөө тең аяр карап Эмикемди тирүү кезиндей коргоп, тегеректеп атат. Агам сезимиме сезими менен эки сабак калтырып атыптыр. Биринчиси: “Балаңа өз каалооңду таңуулаба. Өз каалоосунда эркин өстүр!” Экинчиси: “Байлык – жөнөкөй пенде көтөрө алгыс оор жүк! Чыгармачылык эркин токойдун эркин кушу бол!” деп атыптыр. Менин табиятыма жарашпаган, дал келбеген жакта пенделикке, көрдүйнөгө алдырып, көөдөнүм менен эсептешпей, адашып жүргөн экенмин. Ал жактан “кет бул дүйнөдөн. Сенин дүйнөң башка!” деп атат. Сезимимде “байлык – адамга болуп көрбөгөндөй зындан! Бакыт – эркиндикте!” дегендик калды. 

Жарыктык, тирүү кезиндегидей жайдары күлүп, ыр дүйнөсүн сүйүп, чыгармачылык дүйнөсүндө жүрөт. Агам өзү көроокатка көз артпаган жан эле. Ошонусун үйрөтүп жатыптыр мага”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер