Анжелика: “Толугу менен өзгөрүүгө даяр болсоңуз, анда жазылыңыз”


Ырчы Анжелика Кайратова “Шоппинг Бактылуу Айым менен” долбоору башталганын маалымдады. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн социалдык баракчасына жазды.
“Бизнестеги апанын образы.
Бир өлчөмгө бошураак костюм.
Көздүн тегерегине боёкто басым жасоо.
Чач түз коё берилген же тыкан чогулган.
Бирден ашык шакек тагынбоо жана өтө кичинекей сөйкө.
Сырткы кийимдин узундугу жамбашты жаап туруузу абзел.
3-5 см бийик эмес такасы бар жабык түстөгү бут кийим жана темир кошулмасы жок сумкалар.
Буйруса “Шоппинг Бактылуу Айым менен” долбоору старт алды.Сиз толугу менен өзгөрүүгө даяр болсоңуз, анда жазылыңыз. Жеке өзүм сиз менен инста баракчама чыгарбай, кааласыңыз жыйынтыгын эл менен бөлүшүп иштейм”,-деп маалымдады ырчы айым.
Толук маалымат менен ырчынын жеке баракчасынан таанышсаңыз болот.











