Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “100 миң долларды өзүм көтөрүп, жаңы сериал тартабыз”

Анжелика: “100 миң долларды өзүм көтөрүп, жаңы сериал тартабыз”

19-октябрь, 18:05
886 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Өзүн бир топ тармактарда сынап, ар тараптуу ийгилик жаратып келе жаткан ырчы Анжелика жакында 12 сериядан турган жаңы тасма жаратууга бел байлады. Бул сериалдын  кыскача мазмуну тууралуу ал «Марал» радиосуна төмөнкүлөрдү билдирди:

-- Жакында 12 сериядан турган тасма жаратууну чечтик. Командабыз өтө чоң. Продюсери өзүм болом. Чынымды айтсам, кино тармагына алгачкы жолу продюсерлик кылып жатам. Аталышын «Үмүт» же адилеттүүлүккө үндөгөн  башкы каармандын атынан «Адилет» койсокпу деп ойлонуудабыз. Ички иштер министрлиги колдоого алууда. Бирок, каржылык чыгымын өзүм көтөрөм. Жалпы чыгым 100 миң доллардын тегереги деп болжолдоп жатабыз. Сериал бардык телеканал, сайттардан эл үчүн бекер көрсөтүлөт. Эгерде элге жакса, анда кийинки чыккан тасмаларыбыз онлайн кинотеатрда төлөө жолу менен көрсөтүлүп баштайт. Бул сериалда көзүн май басып, акча менен маселе чечкендер жана адамдын бул жашоодо өзүн өзгөртүүгө кеч эместиги  чагылдырылат. Жакшы жана жаман инсандардын факторлорун көрсөтөбүз, акчага  сатылгандар кийин кайра өздөрү ошол кетирген кемчиликтерин оңдошот. Анан эң негизгиси, журналист кыз менен милиция жигиттин сүйүүсү баяндалат.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер