Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлшайыр Садыбакасова: «Ыйга аралаш баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк»

Гүлшайыр Садыбакасова: «Ыйга аралаш баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк»

05-октябрь, 15:35
770 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова жалгыз уулу Эркин ага акыркы белек катары “Мама” аттуу ыр жаздырып калтырганын айтат:

2020-жыл, 25-август. Мен үчүн каргашалуу күн катары тубөлүк эсимде калды… Бул күнү жалгыз уулум, Эркинтайымдан ажырадым… Ыйга, мунга, күйүткө, арманга, сагынычка, кусалыкка толгон азаптуу күндөр зыпылдап өтүп, баламдын 40 күндүгүн да өткөрдүк…

Башыбызга азап жана кайгы-муң түшкөн оор күндөрдө аза-кайгымды, күйүтүмдү бөлүшүп, жылуу сөздөрү менен бүгүлгөн кайратымды тиреп, жоготкон күчүмдү ширеп, кулаган кубатымды жөлөп, кайрылган канатымды сүйөп, уулумдун рухуна бата-дубаларын берип турган калдайган кыргыз калкыма чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билдиремин!

Уулум Эркинди Аллахым өз рахматына алып, акыретин абат кылып, бейиштин багын насип кылсын! Эркиним төрөлгөндөн тартып табиятынан маданияттуу, тарбиялуу, акылдуу, билимдүү, жөнөкөй, кичи пейил, адамгерчиликтүү, боорукер болуп чоңойду. Садага болойунум, Сайкал экөөбүз сени чексиз жакшы көрөбүз!
 Кош бол уулум, Кудай буюрса акыретте жолугушабыз!

Ушул “Мама” аттуу ырды Эркинтайым каза болоорунан 2 жума мурда мага арнап жаздырган экен, көзү өткөндөн кийин жөнөтүштү. Эркинтайымдын мага калтырган акыркы ыр белеги…

Кагылайын каралдым, мен сендей мыкты балага апа болгонума ыраазымын, сенда мага ыраазы бол!”.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер