Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Джеки Чандын жаңы тасмасына Димаш саундтректи аткарды
Джеки Чандын жаңы тасмасына Димаш саундтректи аткарды
01-октябрь, 15:11


Ырчы Димаш Кудайберген белгилүү актер Джеки Чандын "Авангард" жаңы тасмасында башкы саундтректи аткарды. Бул тууралуу артист өзүнүн Инстаграм баракчасында жарыялады.
Джеки Чандын жаңы тасмасы 30-сентябрда прокатка чыкты. Биринчи тасма Сингапурда болот. Тасмада башкы ролду Джеки Чандын өзү ойнойт. Режиссеру Стэнли Тун.
Фильмдин сюжетине ылайык, "Арктика Карышкырлары" деп аталган жалданма топ кытайлык ишкерди жана анын кызын уурдап кетишет. Абактагыларды куткаруу “Авангард” эл аралык коопсуздук кызматынын мойнунда болот. Алар башкалар аткара албаган тапшырманы аткарууга аттанышат.
“Заман”











