Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мирбек Атабеков: “Кыргызстанда той болбосо, 100 миңдей адам жумушсуз калат”

Мирбек Атабеков: “Кыргызстанда той болбосо, 100 миңдей адам жумушсуз калат”

30-сентябрь, 18:15
1 692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

29-сентябрда тойго кызмат кылган өнөр адамдарынын катышуусунда “Биз иштегибиз келет” аттуу тынчтык митинги өттү. Бул боюнча белгилүү ырчы Мирбек Атабеков “Барс медиага” төмөндөгүдөй пикирин билдирген.

“Менимче, Кыргызстанда той болбосо 100 миңдей адам жумушсуз калат. Себеби, көпчүлүк адамдардын жумушу той менен байланыштуу. Мисалы, ашпозчу, официант, ырчы-чоорчу, тамада, базарда соода кылгандардан чачтарачтарга чейин жумушсуз калышат. Тойдо иштеген адамдар иштей турган башка жумуш орундар болсо, иштешмек да. Алардын деле топтогон запастары түгөнүп жаткандан кийин туура түшүнсө болот.

Азыр тойго тыюу салган күндө деле жашынып алышып өткөрүп жатышат. Бизде мыйзам чыгарса деле анын иштеши кыйын да. Мурун “фонограмманы жоёбуз” деп чыгышкан. Элдин аң-сезими даяр болбосо, мыйзам кабыл алуунун пайдасы жок. Той өткөрөм дегендер өткөрө беришет. Тартипти көзөмөлдөгөндөр деле акча алып, көз жумуп коюшууда. Биздин мамлекетте баары эле акча менен бүтөт да.

Мисалы, Швецияда карантин болгон жок. Себеби, карантин экономикага дагы өз таасирин тийгизет. Бизде деле оору күчөп кетсе тойканалар өздөрү эле жабылып, керек болсо мекемелерин обсервацияга беришет. Эл деле келесоо эмес. Оору күчөп кеткенде деле бизде карантин болгон жок да. Оору болсо өздөрү эле жабылат. Азыр деле байкап жатам, элдер кайрадан беткап тагына башташты.

Адамдар тойго барып, чер жазып келишет. Биз деле элдин тойду сагынганын байкап жаттык. Адам үйдө отурса деле стресске кабылат. Той – антистресс да. Ооруган адамдар тойго бара берсе болот, ал эми ооруй электер сактанганы туура.

Мен бул суроого каршымын же макулмун деп айта албайм. Ооба десем, бир жагынан оору тарап кетиши мүмкүн. Учактардан дары сээп жатышат дегенге деле ишене албайм. Себеби, оору адамдан адамга жугат. Кандай болсо дагы ден соолукту биринчи орунга коюш керек.

Бирок, ачкачылыктан деле өлүп жатышпайбы?! Ачкадан өлгөндөн көрө, тобокелге салып иштеген, ооруп айыккан жакшы. Улуу муун сактанып, иштебей койсо болот, бирок жаштар иштеши керек”.

“Барс медиа”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер