Альбина Имашова: “Кийиттен келген чапандар кээде керекке жарап калат”
Актриса Альбина Имашова кийиттер тууралуу өзүнүн тамашалуу пикирин социалдык баракчасына бөлүштү.
“Ашка-тойго кийген кийимдерибизди кийип, күтүп отурабыз "качан коноктор келет?" депчи (тамаша). Ушундай чапандарды кийиттен кийип, кайра башка тойго барып калсаң, ошол чапанды көтөрүп чаап, башкага кийгизип. Ошентип отуруп баягы "чапан" кайра өзүңө келип калган учурлар көп болгон ээ? Бир окуя. Мындан бир 7-8 жыл мурда, анда тойканаларда көп той болчу эмес, жаңы жанданып келе жаткан. Кесиптешимдин байкеси үйлөнүп, чакыруу баракчасын таратып жүргөн экен. Баары туура жазылган, бир гана көңүл бурдурган ручка менен жазылган жазуу көзгө урунду. "Кийит алып келбегиле", "Кийит жок” деген. Чынында аябай күлдүк. Көпкө чейин сөз кылып жүрдүк. Ошондуктан кийиттен келген чапандар кээде моминтип керекке жарап калат (сьемкага)”,-деп жазды актриса айым.
"Заман"