Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Отуз жашка толгон Чолпон Талипбек Эгей деңизин жээктеп эс алууда
Отуз жашка толгон Чолпон Талипбек Эгей деңизин жээктеп эс алууда
23-сентябрь, 20:32


"Туулган күнүм эң жакшы деңгээлде өттү. 30 жашка чейин кандай ийгиликтерге жетиштим, мындан ары кандай багытта иш жасашым керек дегендин үстүндө ой жүгүрттүм. Тагыраагы, балалык кыялымды ишке ашырдым. Эми менде жакындарыма көмөк көрсөтүп, алардын кыялдарын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү бар. Эң башкысы, мага ырахат тартуулаган жумушум бар. Жандүйнөмдү угуу менен өзүм жактырган жашоодо өмүр сүрүү шартым бар.
Менимче, 30 жаш – жашоомдун жаңы баскычы. Мындан улам жаңы жашоону жаңы жерден, жаңы сезимдер менен баштагым келип, Эгей деңизинин жээгин тандадым" дейт ал.











