Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Денем көгөргөн сайын көңүлүмдө, жүрөгүмдө так калат...”

Назира Айтбекова: “Денем көгөргөн сайын көңүлүмдө, жүрөгүмдө так калат...”

18-сентябрь, 00:05
1 128 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Аябай корком. Үнүңдүн өктөм чыгышы эле жүрөгүмдү оозума тыгат. Лакылдап жаны чыгып бараткан куштай тыбырчылап жиберет. Анткени колуңдун оордугун, ал денеме тийгенден соң жанчылганын жатка билем. Денем көгөргөн сайын көңүлүмдө, жүрөгүмдө так калат. Ар бир төпөшүң мени дагы сындырат, дагы чөгөлөтөт. Жакшы көрөм дейм. Жек көрүүм да сага болгон сүйүүмө өрүлөт. Кайсы сезимим күчтүүрөөк чыгып атканын айрымалай албай кыйналам. Неге? Балдарымды бапыратып берип, үстүңө үйрүлүп түшүп, очогуңду булатып, камыңды көргөнүм үчүнбү? Кайсы жазыгымды айыптап, кайсы катам үчүн төпөш жейм? Түк түшүнбөйм. Кетем дейм! Жаныма батканда чамынып чыгам. Кайда барам? Кимге батам? Сенден башка жакыным жок. Суук дүйнө мени кабыл алабы, кучагына кысабы? Жакыным деген сенден ушунча кордук көрөм, а чочун адам чекемди жылытабы? дедим. Көп жолу. Кетип калам. Байланган иттей кайра келем. Сүйүүңдү көрүш үчүн эмес. Тепкиңди жеш үчүн келем. Бирок бүгүн бошонгум келди. Жашоону сүйгүм келди. Бүгүн жаңы барак баштайм деп чечтим. Мурункудай кайра эле келет дебе. Мындан ары сүйүү күтпөйм. Сүйүү жаратам! Менде мен гана бар экенимди, мен мени сүйсөм, дүйнөнү бүтүндөй сүйө ала турганымды сездим. Кандай сонун?! Жашоонун кереметин сезбептирмин негедир... Бүгүн менин жаңы төрөлүшүм! Көзүм көгала төрөлдүм. Бирок бактылуумун...” деп актриса Назира Айтбекова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер