Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Чолпон Талипбек: “Бул күз баарыбыз үчүн өзгөчө”
Чолпон Талипбек: “Бул күз баарыбыз үчүн өзгөчө”
08-сентябрь, 12:49
760 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Чолпон Талипбек ар бир жаранды туура тандоо кылууга үндөдү. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына жазды.
“Бул күз баарыбыз үчүн өзгөчө. Ар бирибиз туура тандоо кылалы. Келечегибиз биздин колубузда, биздин добуштарыбызда! Шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү текшердиңизби?” деп кайрылды күйөрмандарына ырчы.
Эскерте кетсек, ырчы Чолпон Талипбек 1990-жылы 22-сентябрда Кант шаарында төрөлгөн. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин бүтүргөн. 2009-жылдан баштап “NON STOP” тобунда ырдаган. Алгач “Бийиктик", "Только с тобой" деген ырлары хит болгон.