Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримованы эч бир партия кошпой койдубу? Өзү не дейт?

Самара Каримованы эч бир партия кошпой койдубу? Өзү не дейт?

21-август, 19:57
588 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Урматтуу досторум!
Шайлоо жакындаган сайын кичинекей мүмкүнчүлүктү өз пайдасына оодарып, жалгандан пиар жасап көнгөн айрым адамдардын аракети менен адаттагыдай эле менин тегерегимде түркүн кеп, узун ушак сөздөр жүрүп жатат. “Бир канча партияларга барып аракет кылды, тигиге-буга барып жүрөт” же дагы башка ушу сыяктуу түрдүү, жөө ушактар жада калса ЖМКларга дагы макала болуп чыгып жатат.
Мен бул боюнча сиздерге кайрылып, расмий билдирүү жасоону туура көрдүм. Өзүңүздөр билгендей, мен пандемия алдында Ош шаардык жергиликтүү кеңешине «Биримдик» партиясынын атынан кандидатурамды койгом. “Дарак бир жерден көгөрөт”.
Бүт дүйнөгө тараган кара тумоо биздин өлкөгө да келип, өзгөчө абал киргизилип, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоо иштери токтотулгандан кийин, мен үй-бүлөм жана чыгармачылык иштерим менен гана алекмин. Эч бир партияга барып, суранып, Жогорку Кеңешке аттанам деген жерим жок, бул негизсиз ушак. Мен өз таандоомду жасагам, мен “Биримдик” партиясы менен биргемин, бирок бул шайлоодо эч бир партия менен Жогорку Кеңешке баруу ниетим жок экен расмий билдирем.
Буйруса келечек алдыда, Кыргызстан үчүн кызмат кылуучу күндөр алдыда.
Ал эми бул шайлоодо өлкө үчүн чын дилден күйгөн мыкты партиялар тандалышына тилектешмин.
Баардык кандидаттарга ийгилик!
Биримдикте ынтымактуу жашайлы!
Урматтым менен Самара Каримова”,-деп жазат ырчы.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер