Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анжелика: “Мен семирип кетүүнү, сүйгөнүм менен урушууну каалабайм”

Анжелика: “Мен семирип кетүүнү, сүйгөнүм менен урушууну каалабайм”

17-август, 12:00
2 304 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бул тууралуу ырчы Анжелика өзүнүн жеке баракчасынан билдирди.

“Жөнөкөй болгула. Бирок, тың, өжөрлүктү калтырбагыла! Көптөгөн адамдар максат катары кандайдыр бир чоң же глобалдуу нерсени коюу керек деп ойлошот. Мисалы: байлык, ийгилик, дүйнөлүк жетишкендик жана башкалар. Максаттын көлөмү мааниге ээ эмес, маанилүүсү – сиздин кыялыңызда максаттын болгону. Мисалы, өзүңөрдүн күч-кубатыңар жете турган бир нерсени максат кылгыла. Кандайдыр бир спорт менен машыккыла, айдоочунун күбөлүгүн алгыла, өзгөчө тамак жасаганды үйрөнгүлө жана башка ушул сыяктуулар. Канчалык сиздин максатыңыз конкреттүү болсо, ошончолук ал максатка жетүүнүн жолдорун так бөлүштүрө аласыз. Биз каалаган нерселерди тизмеге жазсак, бат аткарылбачу жана аткарылууга мүмкүн болбой турчудай нерселер чыгат. Келиңиздер, колубуздан келген нерселерди жасап баштайлы анда:

-- мен семирип кетүүнү каалабайм;

-- мен сүйгөнүм менен урушууну каалабайм;

-- мен эрте уктап, эрте ойгоном;

-- интернетке маалымат алуу багыты менен гана кирем;

-- мен балдарыма китеп окуп берем, алар мага окуп берет;

-- мен күндө бир-эки сааттын аралыгында жөө басам;

-- мен эски кийимдериме жаңы жашоо берип, тигүүнү үйрөнөм, ж.б.у.с.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер