Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Алтынай Нарбаева Акүйгө чакырылбаганына нааразычылыгын айтып чыкты

Алтынай Нарбаева Акүйгө чакырылбаганына нааразычылыгын айтып чыкты

22-июль, 12:17
1 063 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков пандемия учурунда элге жардам сунган 12 ыктыярчы менен жолукту. Бул жолугушууга чакырылгандардын арасынан көпчүлүк Алтынай Нарбаева, Ассоль Молдокматова, Мирбек Атабеков, Эрнис Бөрүбаевдерди издешти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева “эмнеге Алтынай Нарбаева чакырылган жок?” деп суроо узаткан күйөрмандарына Инстаграм аркылуу төмөнкүдөй жооп берди:

“Кутман таң замандаштар! Көп ойлондум, сиздер кабатырланып суроо узатыпсыздар, жооп берейин. 

Ар бириңиздердин баамчыл, көрөгөч, баалоо, кадырлоо сапаттарыңыздарга, жүрөгүңүздөргө, сезимдериңиздерге таазим! Дегеним, кечээ ажобуз Сооронбай Шарипович ыктыярчылар менен жолушканына 12 ыктыярчы барыптыр, сүйүндүм. Жаштарга ак жол! Баарыңыздардан “Бөрүбаев Эрнис, Нарбаева Алтынай кана?” деген эле суроолор. Биздин эмгек милдет эмес, инсандык, атуулдук парзыбыз! Биз чакырылбадык, уюштуруучулар деле, барган жаштар деле улууларды унутуптур. Менде андай сапат жашабайт, менден улуу биринчи, анан мен дейм, баарыңыздар күбө… Капачылык жок… Мунун баары маданият. “Аттан жыгылсак да, салттан жыгылбайт кыргыз эли!”. “Мен” дебей, “биз” деген Кудайга да жагат! “Мен өтө жөнөкөй, карапайым аялмын, мугалиммин, ырчымын, бирок, баарын байкайм, көрөм, ичимде калат… Мага ошол жөнөкөйлүк сапат куп жарашат, жагат… Өзүмдү ошол жөнөкөй жүргөндөн эргүү алып, толук кандуу сезем. Мен сахнада эмесмин, муктаж үй-бүлөгө, ооруп турган бир тууганыма жасанып баруу – өзү чоң күнөө! Чоң сахнага 32 жашымдан чыктым, азыр 50дөн аштым. Аллага чексиз шүгүр! Кумурскадай эмгектенем, 15 жылдан ашты, репертуарымды жаңылайм, жылына отчеттук концерт берем, бул оңой иш эмес, чоң түйшүк. Эмнегедир чет өлкөлөргө концерт менен барууда, мамлекеттик концерттерде Нарбаева эч жазылбайт. Мурдакыларды айтпайын, өткөндөгү Кытайга концерт, жакындагы Москвага… Репетицияда катышасың , жөнөөргө бир күн калганда тизмеден чийилесиң… Документтериң Акүйгө жетет, кол коюлбай кайтат артка… Мунун баары өнөр адамына өтө оор. Ырдамак тургай, сүйлөбөй каласың, көңүлүң айларга, жылдарга өлөт… Жүрөк сыздайт. “Кардыңа эмес, кадырыңа...”, “жакшы болом десең өлүп көр” деп, сөзсүз өлгөндө эске келебизби? Аллага шүгүр, ден соолук бар экен. “Эмгегим элим үчүн!” деп кыйналып, ооруп турган бир туугандардан кабар алууга муктажбыз! 

“Апам жана мен” фонду элибизге, журтубузга, мекендештерге ыраазычылыгыбызды айтабыз! Кудайым буюрса, ынтымакта, кол кармашып жеңебиз! Менде баары жакшы, кабатырланбаңыздар, жеңилгенге, чийилгенге, чакырылбаганга түткөн жүрөгүм бар. Кудайыма, ата-энем, мугалимдериме, устаздарыма миң рахмат! Элдин сүйүүсүнөн айырбасын Кудайым!”

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер