Апаатта хайп “өнөрүнөн” тажабаган Ассоль менен Анжелика
Коронавирус илдети элибизди убайымга салып, кыйнап, барган сайын өлүмдөрдүн арбыганы жүрөк титиретүүдө. Мындайда абройлуу аксакалдар, интеллигенция каймактары үн каткандын ордуна баштарын коңулга тыгышып, чээнге кире качышкан. Шайлоого даярданган популисттер анда-санда “кайрымдуулук” кылышканы, кыжырга тийгендери көнүмүшкө айлангандай. Баарынан да кызыгы, шоувумен Ассоль Молдокматова бийликтин башын аттап, элибизди уятка калтыруу менен Путинден жардам сурап чыкты. Коомчулук жипкирип, аргабыз куруганы ушулбу? Ырчылыктан жолу болбой калган Анжелика апааттан пайдаланып, акыркы кездерде ыктыярчы болумуш этип, акча чогултуп, кыйналгандарга кол сунгандай түр жаратууда. Аз күн мурун мунусу да президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, өзүн пиар кылыптыр. “Жер ээн болсо, курт-кумурска дөбөгө чыгат” дегендей, эми ушулардын акыл үйрөткөнү кантип жарасын? Кыйын кырдаалда жети өлчөп, бир кесүү шарт. Ырчы-чоорчулардын жеңил-желпи жүрүштөрүн тыйып койчу жан чыкпайбы? Кыйынчылык кезең болуп атса, буларга хайп кармаган жетишпей атабы?..
"Азия Ньюс" гезити