Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жасалма лидер Акылбек Жамангуловдун жели чыктыбы?

Жасалма лидер Акылбек Жамангуловдун жели чыктыбы?

24-октябрь, 07:51
494 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир психолог Акылбек Жамангуловдун портретин тартса, “билими, тажрыйбасы жок, өзүнүн “мени” калыптанбаган, кагылып-согулбаган, айдама жигит” деп мүнөздөмө берет болуш керек. Анктени, анын ишмердүүлүгү ошону далилдеп турат. ТЭЦтин маселеси каралганда парламентте аттиш көтөрүп чуркап жүрбөдү беле? Бул билимдүү адамдын жасай турган иши эмес да, баалардын айрымасы прейскурант менен далилдене турганын ал билбейт окшойт. 

Көрсө, Акылбек Жамангуловдун кукловоддордун айтуусу боюнча жасаганы “Мегакомго” барганда, андан кийин “Биримдик” партиясын жетектеп чыкканда белгилүү болуп жатпайбы. Атасынын ишканаларында, фирмаларында иштеп, жалаң директор, гендиректор кызматтарынан төмөн түшкөн эмес. 23 жашында “Манас” аэропортунун директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. Бул анын авиацияга сиңирген эмгеги, же ашкере таланттуу болгону үчүн эмес, өкүл атасы ал жердин жетекчиси экен. Атасы Жекшен Жамангулов болсо, Бишкек арак заводун банкрот кылып, жазасын албай жүргөндөрдүн бири беле? 

Акылбек Жамангулов 2005-жылдан бери 10 жолу кызмат орунун которгон. 2005- жылы “Альфа” маркетинг фирмасында (диплому жок туруп) кардарларды тартуу боюнча адис болуп иштеген. Бир туруп арак заводуна кетип калат, кайра карасаң, “Манас” аэропортунда жүргөн болот. Анан эле бир күнү цемент заводго секирет, анан алтын чыгарган жерде жүрөт. Иши кылып, Кыргызстанда ал иштебеген жер калган жок. Үч диплому бар. Эгер ошонун баарына өз эмгеги менен жеткен болсо,  андан тажрыйбалуу киши жок болмок. Студент кезинде курсташтары тишинин кирин соруп, билим алып жатканда Акылбек “акылдуу” болуп, директор, гендиректор кызматтарында жүрүп, кыйратып деле билим албаганы шайлоо алдындагы теледебаттардан айкын көрүнбөдүбү! Акылбек Жамангулов же партиясынын программасын жөндөп түшүндүрүп бере албайт, же ал “акылдуу” программаны кимдер жазып, даярдап бергенин билбейт. Анан да “Биримдиктин” лидери болот имиш... “Алма сабагынан алыс түшпөйт” эмеспи, ушундай “лидерлерге” кантип ишенүүгө болот?


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Аалы акын Дастан менен Зарылды “таластыктардын чимкириктери” деди
Чубак ажы Жалилов чын дүйнөгө кете берди...
(Видео) Карантиндеги чатак. Күйөөсү аялын терезеден ыргытты...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер