Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Рамзан менен Камчы турганда Ассолго бычак менен ким тап берет?

Рамзан менен Камчы турганда Ассолго бычак менен ким тап берет?

10-июль, 22:31
1 230 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бийликти сындаганы үчүн Ассоль Молдокматованы эки адам бычак менен коркутуптур. Бул боюнча өзү жарыя кылып чыккан. Кызык, учурда бийликти баары эле сындап жатышат. Жаңылык деле эмес го? Ал эми кайсы эргулдар тап бергенин ИИМ эртелеп териштирип, жообун бербейби?

Эске салсак, Ассоль Молдокматова буга чейин чечен аксакалы боюнча телеберүү даярдап, Рамзан Кадыровдун сыйына кабылып, бриллианттар топтомун алганын жарнама кылган. Ак эткенден так эте мактап. Андан соң Камчы Көлбаевдин Чолпон-Атадагы ооруканага жардам кылганын жарыялап, аябай ыраазы болгонун жашыра албай көкөлөткөн. Дал ушундай адамдар менен байланышы болгонуна Ассоль Молдокматова эрдемсип, демдүү айтып жүргөнү байкалчу. Анан эле коркутууга кабылыптыр. Рамзан менен Камчы турганда, кайсы көк мээ Ассоль Молдокматовага тийишмек эле? Таңгалычтуу. Же бул да “хайп” кармап, элдин көңүлүн өзүнө бурдуруп жаткан кербезиби? ИИМ уктап жатпай жооп бербейби?..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер