Бек Борбиев сөздөн мүдүрүлсө, аны Нурлан Насип улантты

“Бул жашоодо эч ким эч кимге жардам берүүгө милдеттүү эмес” деп ырчы Бек Борбиев сөздөн жаңылса, Нурлан Насип: “Буюрса баары жакшы болот деп ишенем. Кыргыз элибиз аман-эсен ушул илдеттен кутулуп чыгып кетсек экен. Анча-мынча интернетте маданият өкүлдөрүнө тийишкен ичи бузук арам адамдарга теңелгим келбейт. Кандай үйдө жашайбыз, кандай машина айдайбыз, чачыбызды кырабызбы, ал ар кимдин өзүнүн иши жана мээнети, эмгеги! Жаратканыбыз ар бирибизге маңдайга эмнени жазса, ошону көрүп кудайга шүгүр кылып жашайлы...” деп жазган.
Бул ырчылар элден алып байышып, анан кайра акаарат келтиришкени кандай? Көпкөндүктүн да чеги болот да! Сын пикир айтылса чыдаш керек, атакты ошентип көтөрөт. Нурлан Насип ким эле? “Көчүккө тепсең көк тыйыны жок” жүргөн бала эми элге тыңсынабы?..











