Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Акын болуу – турмуш жолун олуп-чолуу”

“Акын болуу – турмуш жолун олуп-чолуу”

14-ноябрь, 09:00
4 737 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Рамис байке редакциябызга көп келчү. Адыраңдап-шадыраңдап эле кирип келчү. Келген сайын бир-эки ырын, линолеумдун ички түктүү бетине фломастер менен тартылган сүрөттөрүн таштап кетет. Алардын кээ бирөөлөрү гезитке жарыяланса, бир тобу үйдөгү кол жазмаларымдын арасында сакталып жүргөн экен. Кечээ архивимди аңтарып жатып кокусунан таап алдым. Бетегелүү талаанын боз торгоюндай таланттуу, тоонун эрке шамалындай эркин киши эле ыраматылык. Ырлары да өзүнө окшоп буркан-Шаркан эле. Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Раке!


Мамат Сабыров


Парапап

Мунарын тигет алыс жак,

Тунарат тунжур магдырап. 

Мамырайт да магдырайт. 

Шыңкыят шаң урат. 

Жаночка кетип баратат,

Дилинде ал айтат парапап. 

Эрксизден көптү каратат. 


Жамгыр

Жамгыр, жамгыр,

Гүлдөр талымсыйт. 

Суу сурап. 

Суу куюп чаңкоосун кандыр. 

О, акындар көп!

Көңүлдү этиш менен жандыр. 

Кандай кыйын жазыш жаңы ыр. 

Кыйын экен жумуш чамгыр. 

Ысыды жай кудум тандыр. 

Ыр жоргосун акын салдыр. 

***

Чоң бакытты 

Букет мисал

Кыз-айымга тутамдатчу

Акын агабыз

Түмөнбай Байзаков. 

Созуп чаркты чамабыз. 

Жүрөгүндө бар болчу осколка,

Көп жагынан милдеттүү элек

Ага биз. 


Секетиме

Кызылыңды, жашылыңды аябай,

Берген эле эхей чиркин, ай-ай-ай!

Сан дүрбөймүн өзүң үчүн чын дилден,

Көңүлүмдө жүргүм келет саялай. 


Тандалмалар

Туш тарап керип койгондой,

Компоёт тоолор ойгонбой. 

Керемет сырга чакайбыз,

Кештелеп миң жыл ойгондой. 

***

Агарып аппак таң атат,

Айлана чертет шарапат. 

Ай дагы карайт ийилип,

Аябай таптык алапат. 

***

Кимдин кандай экенин,

Сүйлөшкөндө билесиң. 

Бийчинин кандай экенин,

Бийлешкенде билесиң. 

Сулуунун кандай экенин, 

Сүйүшкөндө билесиң. 

Достун кандай экенин, 

Күйүшкөндө билесиң. 

Ырдын кандай экенин, 

Ырдаганда билесиң. 

Жашоо кандай экенин,

Жыргаганда билесиң. 

***

Көп мезгилдер аябай,

Калгам турмуш чаңында,

Калдайган бийик Ала-Тоо,

Бүтүптүр ада багыма. 

***

Эш туткузган көңүлгө,

Көп өбөк болгон өмүргө. 

Эмнени кошуп ырдасам,

Баары эле өзүң жөнүндө. 

***

Баары болуп бакубат,

Бар баабедин айтса экен. 

Баарлаш болуп көп элдер,

Акыбети кайтса экен. 

***

Нукурам сенсиң Ата-Журт,

Жүргөнгө сенде нукуям. 

Тыңшаганда Манасты,

Дух байланып дукуям. 

***

Сүртөмүн көзгө жашылың,

Кызыгып тиктейт кызылың. 

Жигиттерге атаандаш,

Айрыкча сүйөм кыз ырын. 

***

Сага карай бара жаткан кезимде,

Канча кызык ойлор келет сезимге. 

Кытыгылайт үрпүн ачып көп үмүт,

Күбөбүз деп эң бир сонун кезиңе. 

2012-жыл, 28-февраль

***

Келе калды 

Жээрде күз. 

Икскюз. 

Тосор бекен, 

Икс кыз?

Же бир айым

Кандай болсо, 

Келет демеп,

Сергек мезгил. 

Бизге түз. 

Жалбырактар

Шадыраган

Саркүрөң тартып, 

Бурат жүз. 


Рантей Айифей Рамис Рыскулов (Айтуун Миссус)

2012-жыл, 9-июль 
"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер