Максуда Ормонова, акын: “Жандүйнөңдө көркөмдүк болбосо, бул жашоонун баркына жетүү оңой эмес”
-- Алгач адабиятка, поэзияга ташталган кадамдарыңыз тууралуу уксак?
-- Мен улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсүмүн. Учурда адабият агентимин (литературный агент).
-- Ырларыңызга мезгилдердин таасири кандай? Мисалы күздүн?
-- Мектеп курагымдан (5-классыман) ыр дүйнөсүндө жашап келем. Бул дүйнөнүн алмашкыс баасын ар убак сезем. Өзүмдү акындыкка талапкер катары көрөм. Калганын убакыт көрсөтөт.
Ар бир мезгилди өз кооздугу менен сүйүп, дараметиме жараша ыр саптарымды арнап келем. Айрыкча жамгырлуу учурлар баалуу. Ошол себептүү күздү, жазды ырга айланткан саптарым көбүрөөк.
-- “Сүйүүсүз, баштан өткөн тагдырларсыз мыкты ырлар жаралбайт” дешет. Ушуга кошуласызбы?
-- Ар бир ырдын бир сага гана белгилүү болгон тагдыры бар. Мүмкүн ал сүйүү же башка... Сен өзүң кошо жүрсөң гана ырда көркөмдүк болот.
Менин жашоом бүтүндөй поэзиядан турары бышык. Көркөмдүк жандүйнөңдө болбосо, жашоонун, тирүүлүктүн баркына жетүү оңой эмес. Мага баары баалуу.
Ырдап барам күз жагып!
Күздүн күнү үшүп калды буттарым,
Ушалаймын колдорумдун учтарын.
Жүрөгүм муз! Жылытууга денемди,
Кемселимди кымтыланып турганым.
Кейигеним сезип кызгылт жалбырак,
Каалгыса сезбейм, колум сунганым.
Сырт караңгы, күн да эрте батканбы,
Сырын бекем күздүн күнү катканбы?
Саргайыңкы бутагында каргалар,
Мен сүйгөн тал санаа тартып калганбы?
Сылап өттүм, сырдашууну сүйчүмүн,
Сезет дайым мендеги бар арманды!
А тигине! Шарап ичип мас болгон,
Көкүрөгүн ачып, көзгө жаш толгон!
Байланбаган боосу жерге сүйрөлүп,
Бирөө барат ыйлап, ырдап боздогон!
Карап турдум узаганча карааны,
Кайталады сүйүүң... ага кошпогон!
Үшүсөм да баарын-баарын узатып,
Убайымдуу турдум ичке бук катып!
Уйкусурап баратканда тирүүлүк,
Үйгө кайттым, шашсам деле жөө басып!
Кере жутуп коңур күздүн абасын,
Ырдап барам, ырдап барам күз жагып!
Тып-тып тамчы
Дыбырт-дыбырт эски тамдын шыйпыры,
Добулдардан улак-улак кыйкымы.
Дарбазаны себеби жок түрткүлөп,
Далай сүздү кээ бирлердин кыйтыры.
Дарт каткансып тилсиз сүйлөйт дарактар,
Демек, кымбат анын ар бир чырпыгы!
Катарлатып тамчыларга челегим,
Кармап-кармап ным-суу болгон желегим.
Карап сыртты, терезеге тигилип,
Капа тартып жашып турду карегим.
Күн батканча караандарды узатып,
Ким бирөөгө ичтен айттым дарегим.
Алсызданып, алыс узап жаш курак,
Баягыдай заңгырабай бул турак.
Адыр-талаа чарчатпаган кез кайда?
А азырчы?! Түздөналбай бел бурап.
Тып-тып тамчы тагдыр күүсүн ойногон,
Бүгүн мени эзе көрбө сыр сурап?!
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити