Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » "Привет, Андрей" берүүсүнүн көркүн ачкан Бегимай
"Привет, Андрей" берүүсүнүн көркүн ачкан Бегимай
05-сентябрь, 12:04


Интернетте жылдызы жанган кыргызстандык Бегимай Турусбекова Андрей Малаховдун "Привет, Андрей" берүүсүнө катышып, долбоордун толук чыгарылышын "Россия-1" телеканалы жарыялады.
Берүүдө Бегимай Турусбекова чет элдик хитти аткарып, студиянын коноктору менен көрүүчүлөрүн кайдыгер калтырган эмес. Кийинчерээк интернет жылдызынын жашоосу тууралуу сюжет көрсөтүлгөн. Анда Бегимай Турусбекова туулуп-өскөн жери Казарманга барып, апасы менен тааныштырган. Таланттуу үй-бүлө россиялык конокторду бешбармак менен сыйлаганын көрүүгө болот. Мындан тышкары, кыргызстандык келин долбоордун конокторуна Алла Пугачеванын "Любовь, похожая на сон" чыгармасын аткарып берген.










