Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Коронавируска чалдыккан атактуулар

Коронавируска чалдыккан атактуулар

20-март, 10:30
666 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Коронавирус пандемиясы дүйнөнү каптап келүүдө. Күн санап бул вируска чалдыккандардын саны өсүп жатат. Өлкөлөр чек араларын жаап, транспорт каттамдары, майрамдык иш-чаралар токтотулду. Бул вирусту жуктуруп алган жогорку кызматтагы чиновниктер, атактуу жылдыздар, миллиардерлер, спортчулардын да саны артууда.

63 жаштагы Том Хэнкс жана анын жубайы ырчы Рита Уилсондон Австралияда жүргөн убагында коронавирусту аныкташкан. Алар бир жумадай ооруканада жатышып, андан соң ижарага алган үйүндө элден оолак жашап жатышканы белгилүү. Азыркы убакта алардын абалы канааттандырарлык.

16 март күнү 40 жаштагы француз-украин актрисасы Ольга Куриленко күйөрмандарына бул илдетке кабылгандыгын маалымдаган. Анын айтымында, дене табы көтөрүлүп, өзүн алсыз сезген. Ооруканаларда эл көп болгондугунан ал жакка жатпай, өзүн адамдардан оолак алып жатканын билдирген.

41 жаштагы норвегиялык актёр Кристофер Хивью («Игры престолов» тасмасындагы) жана анын жубайы, 49 жаштагы журналист жана режиссер Грю Хивью да өздөрүн элден алыс кармап, үйлөрүндө дарыланып жатышат.

Коронавирусту Канаданын премьер-министри Джастин Трюдонун жубайы Софи Грегуар-Трюдодон аныкташкан. Ал сасык тумоолоп, дене табы көтөрүлгөн.

«Зенит» футбол клубунун мурдагы футболчусу Эсекьель Гарай да үйүндө бул дарт менен күрөшүп жаткан кези. Учурда футболчу өзүн жакшы сезип жатканын жазып жана карантин маалындагы сүрөттөрүн социалдык тармактарга жарыялаган.

Карантинге «Челси» клубунун бүтүндөй курамы кеткендиги маалым болду. Себеби, андагы 19 жаштагы жарым коргоочу Каллума Хадсона-Одоиден коронавирус аныкталган. Футболчу айыккандыгын билдирген жана дагы бир жума элге аралашпай турганын айткан.


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер