Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Канатбек Шабдалиев: “Ала жипти” эмес, “арканды” да татыктуу аттагам...”

Канатбек Шабдалиев: “Ала жипти” эмес, “арканды” да татыктуу аттагам...”

04-май, 09:00
3 430 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

К.Жантөшев атындагы Каракол музыкалык драма театрынын актёру, тамада менен маек.

-- Азыр аялдар башкарган заман болуп калды. Ошентсе да кээ бир эркектер үй-бүлөлүк байракты желбиретип жүрөт. Сиздин үйдө ким кожоюн?

-- Азырынча үй-бүлөлүк байракты өзүм желбиретип, кожоюн болуп жүрөм. Баардык чечимди өзүм чыгарам. Эч кимди аралаштырбайм!

-- Акчанын айынан талашып-тартышасыздарбы, ким көп табат, сизби же келинчегиңизби?

-- Өзүм көп табам. Келинчегимдин кичинекей бутиги бар. Күнүмдүк чайга, нанга, андан ашса косметика, кийим-кечегине жеткирип турат. Бизди “эч качан аялыңдан акча сураба, аялга күнүң түшпөсүн” деп тарбиялаган. Аялымдын көзүн карабайм. Акчанын айынан чыр чыкпайт.

-- Байбичеңиз менен кандайча таанышкансыз? Кантип үйлөнгөнсүңөр, ала качып эмеспи?

-- Экөөбүз бир айылдан болобуз. Менден үч жаш кичүү. 2-курсту бүтүп каникулга келсем, мектепти бүтүп атыптыр. 3-4 күн сүйлөштүк. Агезде кыздарда ыйман болгон. Бизге, эркектерге кыздын колун кармап койгон эле чоң жеңиш болчу. Ачык айтыш керек, ала качып алгам. Көңүлү бар экенин билгем.

-- Эмне деп эркелейт?

-- Эркелебейт, эркелегенди да билбейт.

-- Мектепте окуп жүргөн кезде атаманчылык деген бар беле?

-- 7-классты бүткүчө атаман, мектептин лидери болчумун. Боордон операция болуп, аз өтпөй бир жылча кан оорусу менен ооруп жатканда, атамандыкты алдырып койгом.  

-- Мушташтыңыз беле?

-- Мушташкан күндөр көп эле болду. Кызыл чеке, беттер “үтүктөлүп”, көздөр көгөрүп, мурун канжалап жатып калдык. Эми андай нерселер жаш кезде кимде болбойт?..

-- Өз алдыңызча там салгансызбы?

-- 40 жашка келгиче мени атам бакты. Азыр балдарым багат. Өлө жалкоомун. Там салбай эле даяр жер үйдү сатып алгам. Үйдөгү жумуштардын баарын балдар кылат. Ишим да жок.

-- Кой сойгонду билесизби, устукандап дегендей?

-- Атам зоотехник эле. Биздин үйдө ар күнү кой союлчу. Кичүү иним мал соёт. Конокторго улуу агам устукан тартып, этин туурап берчү. А мен арак куюп бергич жана тост айтып алдыргыч болчумун. Ошондо эле тамадалыкка ыктаптырмын. 

-- Эркектер жасай турган кайсы жумушту катыра жасайсыз?

-- Пандемия учурунда Якутияга барып курулуш жагында иштеп, өзүмдү сынадым. Колумдан баары келет экен.

-- Байбичеңиз кызганбайбы?

-- Могу кебетем менен эч ким деле кызганбайт. Байбичем тем более. Жаш кезде кызганган чыгар... 

-- Сулуу кыз көрсөңүз артынан мага окшоп ээрчип кетпейсизби?

-- Сулуу кыздын артынан чуркайм, жеткенге аракет кылам. Бет маңдай чыкса суктана карап, кайчы өтүп кеткенде моюн байкушка боорум ооруйт.  

-- “Ала жипти” аттабаган эркекти “дөңгөч”, “негодный” дешет. Сиз дөңгөч эмессизби?

-- “Дөңгөч” да, “негодный” да эмесмин, катарларына кошулбайм дагы. Алдыман чыккан “ала жипти” эмес, “арканды” да татыктуу аттагам. Ысырап да, кесир да кылган эмесмин. 28 жаштан 38 жашка келгиче тамада болуп күүлдөдүм, күркүрөдүм. Таңы Каракол, түнү Бишкек, эртеси Балыкчы дегендей... Анан көзгө көрүнбөгөн “ала жипке” далай чалындык окшойт. Алардын баары өттү, кетти...   

-- Үйдө казан-аяк кагышпай койбойт эмеспи. Байбичеңизге кол көтөргөн учур болгонбу? 

-- Жаңы эле үйлөнгөнбүз, бир жарым жыл болуп калган. Келинчегиме колум тийген. Болгондо да жаңы жыл эле. Ошондо “эми эч качан урбайм” деп сөз бергем. Сөзгө бекем жигитмин... 

-- Ичимдикке кандайсыз? Бирөөлөр ичкенде ырдайт, бирөөлөр ыйлайт, а сизчи?

-- Бир жылда эки же үч жолу жакшы ичем, катуу ичем. 3-4 күн үйгө жолобойм. Досторго айылчылап кетем. Каратып туруп калп айткан адам эмесмин. Бул кашкайган чындык. Ичкенде ырдабайм, ыйлабайм, жаагым талыгыча сүйлөйм.  

-- Үйдө тамак жасайсызбы?

-- Эки тамакты катыра жасайм: сууга бышкан жумуртканы жана куксини. Башка тамак колуман келбейт. 

-- Спорттун кайсы түрү менен машыккансыз?

-- Айылда бир да спорттук секция болгон эмес. Турникте ойноп, кара жумушту катыра жасап, анча-мынча спортчуларды аңтара чаап койгон учурлар көп болгон.

-- Чын сүйүүдөн коркосузбу?

-- Акыл токтото элек, 25-35 жаштын ортосунда чын сүйүүдөн корксо болот эле. Азыр кандай сүйүү келсе да коркпойм. Баш-отум менен кирип кеткен курактан өттүк. Мүмкүн ортодо чын сүйүү келип кеткендир. Же байкабай калдымбы, же жөн эле жакшы көрүп алдыбы...   

-- Мончонун буусун жактырасызбы же үйдө эле душка түшүп аласызбы?   

-- Мончо дегенде өлөм да! Мончо – менин экинчи үйүм. Жумасына эки жолу барбасам башым ооруйт. Эртең мененки саат 10до кирип, түнкү 11 жарымда эшигин бекитип, кожоюн менен чогуу чыгып кетем. Мончо – менин хоббим.  

 

Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер