Тимур Саламатов: “Кыргыз композиторлору “импотент”, же Бегалиевдин аферасыбы?”
Быйыл “Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак же канатташ жылы” деп аталып, биздин чыгармачыл чөйрөнүн каймактары Москва шаарына жөнөп жатышат. Композитор Тимур Саламатов агабыз даярдыктарынан “ооз тийиптир”, кызуулай оюн угуп көрдүк.
-- Тимур мырза, Москва шаарында Кыргызстан менен Россия Федерациясынын президенттеринин катышуусунда чоң программадагы концерттин репетициясына катышыпсыз, жакшы жаңылык барбы?
-- Эми кандай десем, жарыялангандан бери үч ай өттү. Алакалаш жыл деп аткандан кийин анын салтанаттуу ачылышында биринчи чыгарма эки элдин ынтымагын, достугун даңазалай турган көтөрүңкү чыгарма болуш керек эле. Декабрь айынан бери чындап келсе 5-6 же 10 ырды жазса болмок. Анан эле баягы дежур ырды кайра Кыргызстанды ыргыта чаап салып, анын ордуна “кыргыз-орус жашасын” дегендери – бу өзү чыгармачылыктагы “проститутка” да. Бир эле обон менен сөздөрдү оодара салып. Чындап келсе азыр жаштар бар, бир түндүн ичинде сөзүн да, обонун да мыкты кылып коё турган.
-- Бу жерде кандай болуп кетти?
-- Кандай болмок эле, Бегалиев өзүнүкүн түртүш керек болгон го? Москвага барып келгенден кийин өкмөттөн сыйлык үмүт этиппи... Анын ушундай жүрүштөрүн эл билип эле калгандай болду. Ал досубузга таңгалып деле болбойт сыңары.
-- Башкача жол калбай калгандыктан ушул жолду тандашты го?
-- Ошончо болду, Мураделинин “Кыргызстан” деген чыгармасы турат го. Как раз Кыргызстандын Россияга кошулган учуру чагылдырылып, Россиядан Шостакович келип “Кыргыз увертюрасын” жазып... Деги уят болбосок экен.
-- Эмнеден чочулап турасыз?
-- Москвада жаңыра турган чыгармалардын репетициясын баштан-аяк көрүп аттык. Андагы аткарылып аткан чыгармаларды жатка билебиз, кайсы текст, эмне болду эле, эмнеге мындай болду дегендей. Башка текстти чаптай салып... Бул эми бир презервативди колдонуп ыргытып ийип, башка презерватив кийгендей эмес да. Бул боюнча оюмду соцтармакка билдирип, “кыргыз композиторлору “импотент” болуп калдыбы, же Бегалиевдин аферасыбы?” деп суроо койдум. Муну мен жаным ачыгандан сага айтып атам. Баардык жагыбыз “Кайда барба Мамайдын көрү” дегендей болду. Жок дегенде чыгармачыл чөйрө таза болсок болбойт беле! Бул жагыбыз окшошпой калды. Эми кайда барабыз? Иштин бүткөнү экен да.
Сурат Жылкычиев
Aryba.kg