Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Эл артисти наамын Аскат Сулаймановго берип коюшса туура болмок
Эл артисти наамын Аскат Сулаймановго берип коюшса туура болмок
05-август, 21:44


(Аскат Сулаймановго!)
Акыркы жылдары Аскат Сулайманов киного эң көп тартылып келет. Мен жогору баалаган адам. Кайсы гана ролду жаратпасын, аны тажабай көрөм. Куудул, күлдүрүп сүйлөгөнү жагат. Кыргызстандагы эң мыкты актёр десем жаңылышпайм. Таланттуу экен. Эл артисти наамын Аскат Сулаймановго берип коюшса туура болмок. Буга чейин татыксыздар деле алып келишпеди беле? А эмнеге чыныгы элдин сүймөнчүгүнө айланган каармандан кызганышат? Ушул жагына түшүнбөйм. Таланттууларды көзү тирүүсүндө баалашыбыз керек да. Мен жөн гана Аскат байкенин күйөрманы катары оюмду гезит аркылуу билдиргим келди. Маданият тармагын караган жетекчилер туура тандоо жасай алышабы?
Кундуз
"Азия Ньюс" гезити











