Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныкей Алымбекова: “Кыз жандуу эмес, эч ким менен “жүрбөгөн” жигитке баш кошком”

Каныкей Алымбекова: “Кыз жандуу эмес, эч ким менен “жүрбөгөн” жигитке баш кошком”

13-февраль, 16:13
4 885 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Адаштым”, “Носонтэ”, “Кара чан”, “Жүрөк сыздайт”, ж.б. ырлары менен эл оозуна алынган өзгөчө стилдүү ырчы кызыбыз Каныкейди көптөн бери көрбөй калганбыз. Көрсө...   

-- Каныкей, шоу бизнестин горизонтунан жок болуп кеттиң, кепти ушундан баштайлы?..

-- Биринчиден, мурун мен жалгыз бой кыз болчумун. Өзүм менен өзүм, убакыт толтура. Кайда барсам өзүм билип дегендей. Турмушка чыккандан кийин бир башың эки болот экен. Мурун жүз тууганым болсо, азыр эки жүз тууганым пайда болду. Анан балалуу болуп, алар менен алышып жатып калдым. Бир башым эки, анан үч, анан төрт башка жеттик. Күйөөмдү, балдарымды таштап кете албадым. Жашоом толук кандуу үй-бүлөлүк нукка бурулду. Концерттен концертке чыгып, гастролдоп, клип тарттырып, ыр артына сүңгүп кетпедим. Шоу бизнестин эшигин ачып-жаап коюп жүрөм. Турмушка чыккандан кийин негедир жандүйнөмдү буркан-шаркан кылып жарып чыккан ырлар да келген жок. 

-- “Турмуш” деп кеттиң, жолдошуң менен кантип таанышып калгансың?

-- 2006-жылы “Бител” мобилдик оператору жаңыдан чыгып, кыска аралыкта эле жаштарды өзүнө тартып алды. “0502” менен башталган номур алдым. “503 кодунда меникине окшош ким болду экен?” деп кызыгып чалдым. Гудок кетти. Коркуп кетип коюп салдым. Ал абонент мага кайра чалды. “Бул ким болду экен? Эмне максатта чалдыңыз эле?” деди. Мен ага “жөн эле. Экөөбүздүн 6 номурубуз окшош экен. Сеники “0503” менен башталса, меники “0502” менен” деп, анан бири-бирибизди жакындан сураштырып, кай жердин кулуну, кайда окуйт, жашы канчада?.. Ал да мени сурап, анан маал-маалы менен телефондон сүйлөшүп турдук. Ал агрардык академияда, мен МУКта жана БГУда. Ал Нарындан, мен Чүйдөн, экөөбүз тең 19да экенбиз. Бир айдан кийин бетме-бет жолугушууну өзүм демилге көтөрүп, менин окуган жериме келди. Карапайым бала экен. Назар салып калыптыр. А мен анча көңүл буруп, маани деле бергеним жок. Жаңыдан шоу бизнеске аттанып, өз ишим менен алек болуп жүргөн кез. Бала болсо Америкага иштегени кетти. 2011-жылдары ошол жактан кайра кезиктик. Гастролго баргам. Биз ага чейин соцтармак аркылуу байланышып турчубуз. Ал учурда эки-үч жыл катары менен океандын ары жагына барган сайын мени жакшы маанайда тосуп, жаңылыктары менен бөлүшүп атты. Жашоого олуттуу караган, сүйлөгөн сөздөрүндө калжаң-мулжаңы жок, жүрөнөөк эмес, колу ачыктыгы мага жакты. Иштерман да экен. Кадимкидей эле Макдональдста жана такси жумушунан тапкан-ташыгандарына Бишкектен эки үй алып коюптур. Мен да андан кем калбай маңдай акы терим менен ордо калаадан бир үйлүү болуп калгам. 

-- Баш кошууга ким биринчи демилге кылды?

-- 2013-жылы кайрадан Америкага бардым. 26 жашка келип калыптырбыз. “Үйлөнүшүм керек эле” деп калды. “Үйлөнсөң мага эле үйлөн. Мен сени жакшы көрөм, көптөн бери билем” десем, ал уялчаактыгын карматып, күлүп койду. Ал баланын карапайым мүнөзү жакты. Кыз жандуу эмес, эч ким менен “жүргөн” жок. Хотя “жүрүп” кетсе деле болмок... 

-- Үйлөндүңөр...

-- Үйлөндүк, мен ага чын дилимден аппак сүйүүмдү арнадым. Ал ошого татыктуу жигит болду. Кээ бир жигиттерге окшоп тамеки чегип, ичимдик ичпеди, шапар теппеди.

-- Мен билгенден ортоңордо бир уул, бир кыз бар. Үй-бүлө коломтосунан чыкпай калдың, балдарды багып...

-- Алгач 2015-жылы Алим, 2018-жылы Акмарал төрөлүп, бала багып калдым. Азыр бир жарым жаштагы кызымды мамам карайт. Сыртка чыгып эле атам. “Билимкана” мектебинде ыр сүйүүчүлөргө вокалдан сабак берем. Эмнеге дегенде, Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда Жамиля Муратова эжеден, Ырыскелди Осмонкулов агайдан эстрада ырчысы, Молдобасанов атындагы консерваторияда Токтобек Асаналиев агайдан фольклор ырчысы катары билим алдым. Ошол билимдеримди катып жата бербей, башкаларга да бергим келет. 

-- Өз алдыңча жакын арада концерт берейин деген оюң барбы?

-- Мүмкүн. Чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөндөн кийин алдыда эмне болуп кетерин айтуу кыйын. Бир күн мындай, бир күн тигиндей. Жадагалса бир ырды ырдап чыгыш үчүн жандүйнөңдө бышып жетилип, анан оргуштап, көкүрөк-көөдөнүңдү жарып чыгат эмеспи. А мен үчүн жөн эле желпилдеп, антип-минтип чыга калуу эмес, андай мага жарашпайт.

-- Соцтармактардын кайсынысында барсың, кимиси менен доссуң?

-- Фейсбукта, Инстаграмда бармын. Негедир Инстаграмда көбүрөөк отурам. 217 миң эле катталуучум бар, миллион эмес. Ютуб канал азыр аябай популярдуу болуп атыптыр. Ошону колдонгонду биле элекмин, үйрөнүш керек эле. 

-- Жолдошуң эмне иш менен алек, тапкан-ташыганы үй-бүлөнү бакканга жетип атабы?

-- Медер түрк компаниясы менен бирге иш алпарат. Акча көп табат десем да, аз табат десем да жаңылыштуу. Бир учурда текеберликтен, бир учурда ысырапчылыктан өтө алыспыз. Баарына шүгүрбүз. Кээ бир адамдарга миллион тапса да жетпейт, кээ бир үй-бүлө 10 миң сом менен бактылуу. 

-- Саясатка көз салып турасыңбы?

-- Мен ушуга жокмун, телевизор көрбөйм, жаңылыктарга кызыкпайм. Ансыз да бактылуумун. Керек болсо акыркы чакырылыштагы депутаттардын ысымын билбейм. Мага караганда мамам жакшы билет. 

-- Кайындарга жакшы келин болдуңбу?

-- Уксаңыз, Кыргызстанда алтын баштуу аял, бака баштуу эркек болсо да кайын журтка жаккан келин көргөн жокмун. Бир да “кайын журтум такой шикарный” деп кайын журтун мактаган келинди көргөн жокмун (күлүп). Бул кыргыздын башындагы салттын өзгөчөлүгү окшойт. Албетте, уй саап, ичеги-карын артып кызмат кылган жокмун. Ысык-ысык чай куюп бердим. Нарын бешбармагын жасаганды үйрөнүп алдым.    



Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер