Акыркы кабарлар
» Шоу-Бизнес » Ырчы Максат Садырбеков кызына арнап той өткөрдү
Ырчы Максат Садырбеков кызына арнап той өткөрдү
09-ноябрь, 11:57
10 980 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ырчы Максат Садырбеков менен жубайы Айсулуу Молдалиева кызынын тушоосун кесип, элден бата алышты. Кичинекей Мияга арналган той борбор калаадагы тойканалардын биринде өтүп, оюн-зооктор менен коштолду. Салтанатка Максат мырза менен Айсулуу айымдын туугандары, санаалаштары, дос, курбулары, шоу-бизнес өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, ырчы мырза сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиева менен 9 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Алар 2019-жылы баш кошуп, 2020-жылы Мия аттуу кыздуу болушкан.