Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Айрым учурда маектешимди басып алып, өпкүлөгөнгө чейин барам...”

Назира Айтбекова: “Айрым учурда маектешимди басып алып, өпкүлөгөнгө чейин барам...”

08-ноябрь, 14:23
9 917 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Назира, Ютуб каналыңда бүгүнкү күндө катталуучулардын саны канчага жетти? Пайдасы бар бекен же жөн эле түйшүкпү?  

-- Ютуб каналымдын күмүш баскычын жайында алып, кубанганбыз. Бүгүнкү күндө 214 миңге жеттик. Буюрса, эл сүйүп көргөн, пайдалуу канал болуп, бриллиантка жөнөйлү. Пайдасы деле бар. Айлык алабыз. Бирок эң чоң пайда элге болсо, жакшы болот. Биз “мен жыргасам, мен эле байысам” эмес, “элге канткенде пайда келтире алабыз?” дегендин артынан чуркап атабыз. Ар бир маегим максаттуу, маанилүү. 

-- Каналыңа чакырган адамдардын баары эле макулдугун беришип, маекке келип атыштыбы, же арасында четке каккандар да болдубу? 

-- Отказ берген адам боло элек. “Каналыңа чыгат элек” деп акча бергендер да бар. Анткени, менин каналыма чыккан адам сөзсүз жакшы жагынан ачылат, жандүйнөсү көрүнөт. Адамдын мурун аброю начар болсо, мен аны такыр башка нукта көргөзө алам. Аны сөзсүз көрөрмандар сүйүп, сыйлап, ойлору өзгөрүлүп калышат. Ар бир желмогуздун ичинде сулуу адам жашайт. Мен аны билем. Меймандарым мага өзөгүн көргөзгөнү келишет. 

-- Монтаждалып аткан учурда “мобу жерин алып сал” дегендер болдубу? Кайсы учурда, кандай жагдайда? Ютуб канал сен үчүн чыгармачыл аянтчабы же акча табуунун бир жолубу?

-- Саясатчылар келишет... Мисалы, Бакыт Калмаматов менен маегибизди баштаганда эле “чыртылдашып” кеттик. “Бакылдап эле кайдан чыга калдыңыз? Мурун көрбөптүрбүз?” десем, катуу тийди окшойт. Анын да тили эки метр, меники андан кем калбай, “сармерден” ойноп кеттик. Анан маектин соңунда суранганынан, ак көңүлүм кармап кетип, монтажда алып койдум. “Албай эле койсом болмок экен” деп калдым кийин. Анан Жеңиш Молдокматов менен тамашалуу, ачык, сонун маек курсак, эки редактору менен монтажерумдун үйүнө барып, каалашынча кескилеп туруп кетип калган, бирок маңызы чыкпаган, супсак маек болуп калган. Ошондон кийин жаман көрөм ошол кишини. Ютуб канал – эң эле алгач чыгармачылык аянтчам. Башка каналда, эфирде жасай албаганымды жасайм. “Этикасы, маданияты жок” деп калышат, бирок ошол келген мейманым менен ырсактап, калжактап атып, айрым учурда аны басып алып өпкүлөп атып ачам да. Мен канчалык чыныгы Назираны көргөзгөн сайын, алар ошончолук чыныгы “менин” көргөзөт. “Сенин маектериңди көрүп, көз карашым дээрлик өзгөрдү” деген катталуучулар көп үчүн максатына жетип атат го дейм. Ал менин балам сындуу. Маданият, же мен кызыккан адамдарды артынан кууп жүрүп интервью алам. Анткени алар окулбаган китеп сындуу. Өзөгүн, маңызын окуп берем. А бизде сырткы мукабасын эле окуп коюп, жыйынтык чыгара беришет эмеспи.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер