Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Самара Каримова: “Эч качан эркектин артынан чуркаба”

Самара Каримова: “Эч качан эркектин артынан чуркаба”

08-февраль, 15:54
2 114 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Самара Каримова кырк кеңешин Инстаграм баракчасынан кыздарга   жолдоду.

1.Алгач өзүңдү сүй.
2.Жашоодо көрө албастар көп кезигет, өзүңдү колго ал да, алардан ары басып кет.
3.Буюм сени бактылуу кылбайт.
4.Бирөөнү сөз кылып, сындаба. Бирок ар дайым сени бирөө сөз кыларына даяр бол.
5.Көйгөй – бул жашоонун аягы эмес.
6.Өзүңдү өзгөлөр менен салыштырба. Анткени эч ким сендей боло албайт.
7.Бирөөнү канчалык катуу жакшы көрсөң да, өзүңдү жоготпоого аракет кыл.
8. Сүйлө. Сени угуучуларды тап жана өзүң чечим чыгара бил.
9.“Жок” деп айтууну үйрөн жана аны колдонуудан коркпо.
10.Эгер өмүр тарыхыңды жазуу керек болсо, болушунча барактарды бактылуулукка чулганган күндөр менен толтур.
11.Эч качан эч бир эркектин артынан чуркаба. Ал сени өзү издеп тапканы жакшы.
 
12.Дарегиңе айтылган комплименттерди кабыл ала бил жана аларга ишен.
13.Калп айтпа.
14.Өз аракетиң менен бактылуу бол жана жалгыздыктан коркпо.
15.Эч качан өзүң туюп жаткан сезимди айтуудан жалтанба.
16.Колуңа эмне тийсе, оку. Билим – бул күч.
17.Сен кимдир бирөөнүн менчиктеп алган буюму эмесси
ң.
18.Ийгиликсиздиктен коркпо. Ал сени ийгиликти багындырууга үйрөтөт.
19.Ар дайым өзүңө өзүң тирек бол. Өзүңө гана ишен.
20.Бирөөгө жардам бер, бирок милдет кылба.
21.Ыраазычылык билдирүүнү адат кыл.
22.Өз интуицияңа ишен
.
23.Сылык бол.
24.Сенин кыймыл-аракетиң сенин ким экендигиңди көрсөтөт.
25.Ба
ардык нерседен сулуулук таба бил.
26.Сени сүйгөн адамдар менен байланышты үзбө.
27.Башыңды бийик көтөрүп жүр.
28.Керек гана учурда ыйла жана андан өзүңө керектүү күч топто.
29.Күлкү – көңүл дабасы, дайым күлүп жүр.
30.Бийик музыка жагабы? Анда музыка ук, бийле, ырда.
31.Сөз пайдубал түптөгөнү менен аны урата да алат.
32.Кечирим суроо бул алсыздык эмес.
33.Билем кээде мени жаман көрөсүң. Бирок мен сени ар дайым жакшы көрөм.
34.Эмнени каалап жатсаң
, мага дайым айта аласың. Мен ар дайым сенин жаныңдамын.
35.Ар дайым эсиңде болсун, мен сени кандай учур болбосун баары бир жакшы көрөм.
36.Билип жүр, сен өзүң ойлогондон да көп нерсеге шыктуусу
ң.
37.Сен аябай татынакайсы
ң, муну унутпа.
38.Дайым сени колдоого даярмын.
39.Мен сенин б
аардык катачылыктарыңды кечирүүгө даярмын.
40.Намысыңды бек сакта.
 

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер