Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Назира Айтбекова: “Күң болуу, ханыша болуу чечими, тандоосу сенин мээңде гана болот экен”

Назира Айтбекова: “Күң болуу, ханыша болуу чечими, тандоосу сенин мээңде гана болот экен”

06-сентябрь, 17:31
6 216 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Актриса, блогер Назира Айтбекова социалдык баракчасына мырзалардын мүнөзүнүн өзгөчөлүгү тууралуу кызыктуу пост бөлүштү.

“Эркектер табиятынан аңчы келет. Аң уулаганды, мээлегенин алганды, ал үчүн чуркаганды жактырат. Кыздардын чоң кемчилиги – баркын, баасын бийик көтөрбөй эле дароо макулдугун берип, колуна даяр оокат болуп түшүп бергенинде. Арзандын тузу татыбайт. Даяр оокаттын даамы жок. Өз ою жок жетеленме, айдама аял “ыңгайлуу” аял болоор, бирок бактылуу болорунан күмөн бар. Канчалык өзүңөргө болгон баа жогору болсо, барктуу болсоңор, сизге кылган мамиле да так ошондой болот. “Мен ким элем?” деп турган адамга “Сен ким элең?” мамилеси болот.

Күң болуу, ханыша болуу чечими, тандоосу сенин мээңде гана болот экен. Тегерекке абай салып, түрдүү кыздар, аялдар, келиндер менен сүйлөшүп жүрүп ушуну байкадым. Өзүн тебелеген аял дайым тебелендиле калат. Өзүн көтөрмөлөп, бийиктикке татыктуумун, жакшы мамилеге татыктуумун дегендердин тегерегинде адамдар чарк айланып жүрөт” деп жазды актриса айым.

Аталган постко окурмандарды кызыктуу пикирлерин калтырышууда.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер