Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Асел Кадырбекова: “Ар бир аял өзүн бактылуу сезүүнү үйрөнүшү керек экен”

Асел Кадырбекова: “Ар бир аял өзүн бактылуу сезүүнү үйрөнүшү керек экен”

21-июль, 20:35
9 171 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ырчы Асел Кадырбекова акыркы учурда болуп жаткан жашоосу, ой толгоолору тууралуу социалдык баракчасына пост жазган.

“Мага жазган кээ бир комментарийлерди окуп ой келет. Ар бир аял жашоосунда кандай учур болбосун, өзүн бактылуу сезүүнү үйрөнүшү керек экен. Сиздин абалыңыздан да курч абалдар бар. Бирок, алар да жашап жатышат. Бакыт – бир адамдан же акчадан көз каранды эмес экенин мен эми түшүндүм! Бул үчүн мен башымдан ушундай сыноону өткөзүшүм керек экен. Бактылуу адам баарын башкача көрөт деп ишенем. Бактысыз адам бүт нерседен кынтык издеп турат. Жашоо – ырахат! Жашап жатканыма шүгүр айтам! Бул күндөр да жомок! Мен өзүмө өзүм бакыт тартуулай алчу адаммын! Күчтүү болуңуздар!

Бирөөгө жаман нерселерди жазып, айтып, өзүңүздү толук сезе албайсыз. Жашооңузда эмне болуп жатса кабыл алышты үйрөнүңүз. Бул Кудайдын сизге берген  тагдыры, андан качып кутула албайбыз. Болгону, аны жакшы жакка буруп, жылмаюу менен өтүп кетишиңизге тилектешмин” деп жазды ырчы.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер