Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жанар Кадыралиев, астролог: “Бул жылы мамлекетибиз алдыга карай өсөт”

Жанар Кадыралиев, астролог: “Бул жылы мамлекетибиз алдыга карай өсөт”

27-январь, 12:00
672 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жанар мырза, жыл жаңырды. Кыргыз мамлекетинин келечеги тууралуу кеп кылалы. Позитив жараткан жагдайлар жок эместир?

-- Орусча айтканда, год Дракона, кыргызча Балык жылы келди. 2024-жылдагы 12 айдын ичинен июль айына чейинкиси, анан октябрь, жалпы жонунан 8 айды жакшы айлар катары айтсак болот. Бул айларда саясатка жаңы аттанып аткан жаш саясатчылардын баскан жолдору байсалдуу, иштери илгерилейт. Жеке ишкер болууга чамынгандар үчүн да жолдору ачылат. Жылдыздардын жылмаюусу карапайым элге да жакшы таасирин берип, бул кездерде жеке турмуштарын оңдоп алганга жакшы шарт түзүлмөкчү. Планеталардын жайгашуусу, анын ичинен Марс жердин биз жактагы жарым шарында жашаган элдерге оң энергетикасын жогоруда айтылган 8 айдын ичинде тынбай жиберип турат. 

-- Ал эми калган төрт айдачы?

-- Август, сентябрь, ноябрь жана декабрь айлары ошол эле Марс планетасы терс энергетикасын биздин жарым жер шарына түздөн-түз жиберип, ошол эле атактуу саясатчылардын иштерин бузат. Кашыктап чогулткан кадыры чакалап төгүлүп кетүү жагдайы орун алмакчы. Бул айларда адамдар ойлонбогон иштерге барбай турганы оң. 

-- Мисалы?

-- Мисалы, айымдарыбыз учурда келбетине, бетине пластикалык операцияларды жасаганга маш болуп алышкан. Ушул төрт ай ичинде мындай операциялардан жаа бою качып, жасатпай турушсун. “Артык кылам деп тыртык кылып алыптыр” дегендей, жапшынакай беттерин буздуруп алуу коркунучу бар. 

-- А саясатта бул төрт айда эмне болжонууда?

-- Кооптуу абалдар жок эмес. Курч маселелер жаралат. Кээ бир саясатчыларыбыз түз жолдон тайып, камакка түшөт. Коомдо олку-солку жагдайлар орун алат. Эми мунун баары буга чейин болуп келген. Андыктан кадыресе көрүнүш катары өтүп кетет. А Балык жылы жалпысынан акжолтой жылдардын бири болуп, алдыга карай экономикабыз өсөт. Адамдардын турмуштары оңолот. Жок жерден машинелүү, жок жерден үйлүү болуп, капчыктары калыңдап, иштерман дыйкандарыбыз элибизге молчулукту тартуулайт. Жалпысынан ушу. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер