Неля, ырчы: “Убакыт өткөн сайын апамды аябай сагынам, кусалыгымда чек жок!”


Ырчы Неля Нуркулова апасын жоктоп эскергенин өздүк баракчасына калтырды:
“Убакыт бардыгын дарылайт” дейт, бирок мезгил өткөн сайын тескерисинче, апамды аябай сагынам, кусалыгымда чек жок! Менин жандүйнөмдөгү болуп жаткан сезимдерди бир Алла жана энесин жоготкон адам гана түшүнөт... Жолдо баратып апама окшош энелерди көп кездештирем, көзүмө жаш тегеренип кетет. Курбуларын, жакындарын көргөндө апамды эстеп, бирок өзүмдү аябай кармап турам. Апамдын ар бир айткандарын эстейм, аны турмушта колдонгонго аракет жасайм. Көрсө, жашоомдо бардык нерселер сиз менен байланыштуу экен, апа!
Жыл сайын Энелер күнүндө апамды куттуктап, жакшы маанайда өткөрчү элек... Дайыма алакан жайып батаңызды берип, жакшы сөзүңүздү аячу эмессиз. Эми жашоомдогу кайталангыс, кайтарылгыс “Менин асыл адамым” деген сонун маекти көрүп отурам.
Апа, аябай күчтүү, кайраттуу айым элеңиз, сиздин жолуңузду жолдоп, белимди бекем бууп, Жаратканым берген өмүрдү бактылуу сүргөнгө аракет жасайм. Сиз менен сыймыктанам! Буюрса, сиздей инсан болгонго аракет кылам!” деп жазды.











