Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мыкаачылык менен киши өлтүргөн кылмышка шектүү кармалды

Мыкаачылык менен киши өлтүргөн кылмышка шектүү кармалды

17-декабрь, 14:20
1 301 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында Жайыл РИИБи тарабынан өзгөчө оор кылмыштын бети ачылды. 

18-октябрь күнү саат 21:30 чамасында Жайыл РИИБине Суусамыр өрөөнүндө эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Кылмыш болгон жерге ыкчам иликтөө кызматы келип, Суусамыр өрөөнүнүн Кожомкул айылындагы жайлоодогу бадалдын астынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эркек кишинин жансыз денесин табышкан. Кийинчерээк каза болгон маркумдун аты-жөнү такталып, ал 37 жаштагы жакын аралыктагы кашарда чабан болуп иштеген К.К. экени аныкталган.

Тергөө амалдарынын жыйынтыгында, кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун 23 жаштагы Р.Б. аттуу тургуну кармалган.

Маркум экөө кылмыш болгон күнү таанышып, спирттик ичимдик ичкен соң ортосунда жаңжал чыккан. Р.Б. К.К.ны сабап, колу-бутун жип менен байлап, оозуна баш кийимди тоголоктоп салып, чабандын үстүнө унаанын дөңгөлөгүн бастырып, изин жашырып кеткен. Кылмышка шектүү учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери башталды.

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер