Канткенде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайта алабыз?
-- ИИМдин маалыматы боюнча, соңку жети айда үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандар 8956 көрсөткүчүнө жетсе, ал эми арызданбаганы канча? Бул фактыны өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырсак, 22,1%га көп экен. Канткенде үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту азайта алабыз?
Чынара Мамажакыпова, “Аярзат” коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү:
-- Үй-бүлөлүк зомбулукту токтотуш үчүн коомду тарбиялаш керек. Ал үчүн мамлекет өзү ошол нерсеге кызыкдар эле болбостон, багыттуу иштерди алып барышы зарыл. Мисалы, бизде эгемендик алган жылдардан тарта ушул күнгө чейин маданият тармагыбыз каралбай калган. Аны караш үчүн очойгон каражаттар керек. Ал каражаттарга ар кандай көркөм тасмалар, адамдын аң-сезимин өзгөртө турган түркүн иш-чаралар, багыттуу мамлекеттик идеологияны камтыган олуттуу саясат жүрүшү керек эле. Ошондо коомдо бирдиктүү тартип, тарбия түптөлөт. Анын ичинде ошол сиз айткан үй-бүлөлүк институт боюнча иш алып барылса, анан зомбулук азаймак. Азыр андай болбой, ар ким өзүн жасай берген коом болуп атпайбызбы. Экинчи жагынан, ошондой зомбулукту токтотуш үчүн катаал мыйзамдар каралсын. Эркектин жоопкерчилигин күчөтө турчу мыйзам болсо, эркектер да сестенип калышат...
Замира Молдошева, стилис, дизайнер:
-- Биздин өлкөдө аялдарга, балдарга карата зомбулук өтө көбөйдү. Эмне үчүн мунун баары болуп жатат? Эркектер үй-бүлө боюнча мыйзамдар иштебегенин жакшы билген үчүн ушул окуялар кайталанууда. Менин кыялымда биздин мамлекетте жашаган ар бир айым кандай болбосун, моралдык зомбулукка кабылабы, же физикалык зомбулук болобу, “мени мыйзам, милиция коргойт” деген ой менен жашаса дейм. Зордук-зомбулуктун баары биздин мыйзамдар иштебегенден улам болуп жатат. Бирок, баардык иштер акырындап өз жолуна түшө баштагандай. Бул жаатта да мыйзамдарыбыз иштеп калар деген чоң үмүттөмүн.
"Азия Ньюс" гезити