Энергетикага инвестиция, же өлкөбүздөгү ГЭСтер тууралуу кызыктар


Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Күрөө жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда кабыл алышты.
Депутат Бактыбек Сыдыков 2005-жылы “Күрөө жөнүндө” мыйзам кабыл алынганын, ал кезде өлкөдө жеке менчик ГЭСтер болбогонун эске салды. Буга байланыштуу “күрөөгө тыюу салган мыйзам кабыл алынып, натыйжада, учурда жеке менчик ГЭСтердин ээлери өз мүлктөрүн теске албай жатышат” дейт ал. Ал ошондой эле КР Конституциясынын 40-41-беренелеринде ар бир жаран өзүнүн мүлкүн эркин пайдаланууга жана тескөөгө укуктуу деп жазылганын кошумчалады. Энергетика министрлиги тараткан расмий маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда 22 чакан ГЭС болсо, анын 12си жеке менчик. Мындан тышкары, 5 кичи ГЭСтин курулушу аяктап, 7 кичи ГЭСтин курулушу жүрүп жатат жана 11 кичи ГЭСтин курулушу пландалууда.
Парламентарий Б.Сыдыков инфраструктуралык объектилерди күрөөгө берүү, атап айтканда, кредиттик негизде, анын ичинде банктардан инвестиция тартууга мүмкүндүк берет деп эсептейт. Мындай жагдайларды эске алуу менен мыйзам долбоорунда жеке менчик ГЭСтердин имараттарын жана курулмаларын жана өз каражаттарынын эсебинен курулган суу сактагычтарды күрөөгө коюуга уруксат берүү сунушталууда. Мыйзам долбоору кабыл алынса, ГЭСтердин жана суу сактагычтардын ээлери өз мүлктөрүн, мисалы, күрөө катары өз алдынча жана эркин тескөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, жеке ГЭСтерди өнүктүрүү үчүн инвестициялык пайдалуулук да жогорулайт.
Белгилей кетсек, бул мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Б.Сыдыков, Э.Сатыбалдиев, У.Ормонов, Н.Сыдыгалиев.











