Акыркы кабарлар
» Кылмыш » “Моби” Дубайда кармалса, кандай оюндар орун алган?..
“Моби” Дубайда кармалса, кандай оюндар орун алган?..
08-апрель, 19:40

Камчыбек Көлбаевдин жакын санаалашы, каржылык өнөктөшү катары сыпатталган “Моби” каймана атындагы Таалай Рысалиев Дубайдан кармалып, Кыргызстанга экстрадицияланары жарыяланган. ЖМКлар “сайрашкан”. Андан бери бир ай өттү. Дүңгүрөгөн шоу, жарнамалар тыптынч. Буга чейин “Моби” бийликтин айрым лөктөрү, күч органдарынын башчылары менен мамиле кылып келгенин кантебиз? Качан гана Камчыбек Ташиев каарын төгүп, криминал менен “кылчайнашты” баштаганда, бир топ генерал, полковниктер тымпыйып калышты. А эң кызыгы, эмне үчүн Дубайдан кармалса, ал ушу күнгө чейин Кыргызстанга жеткирилген жок? Ар кандай версиялар бар. “Мобини” ошол жактан эле “кустурушуп”, тымызын тил табышууга келишкенби? Кимдер? Же кыргыз бийлиги Дубайдын күч органдарын ынандыра албай, ортодон келишпестиктер жаралганбы? Соболдор, шек саноолор күч. Кыскасы, башында “Камчы Көлбаевдин шериги Таалай Рысалиев кармалды” дешип катуу дуулдашкан. Натыйжада эч нерсе жок го. "Азия Ньюс" гезити











