Алмамбет Салиевдин жаза алуусун көпчүлүк күтүүдө
2020-жылы Октябрь төңкөрүшүнөн кийин жаңы бийлик келип, эскилер жектелип, бирок көбү жазасыз калып калган. Алардын ичинде президенттик аппараттын орун басары, күч органдарынын куратору Алмамбет Салиев да бар эле. Бул эргул Сокенин эң ишенимдүү кадры катары көрүнүп, рейдерликке аралашып, көмүскөдөн бизнес жасап, саясый куугунтуктарды күчөтүп, көзөмөлдөп турганын кантесиңер? Арбын адамдардын убалына калганычы? Негизи Алмамбет Салиев сурактан, жазадан оңой кутулуп кеткен. Аз убакытка камалып, “кусумуш” этип, байлыгынын күкүмүн себелегендей кылып, көз жазгырып салганычы? Кечээги “табакташтарынын” билдиргенине караганда, ал азыркы бийликти оңой эле алдап кеткенби? Айыптуулар экинчи, үчүнчү ирет “кусуп” жатышканда, эмне, Алмамбет Салиев Кудайдын мурдунан түшкөндөй кол тийбестикке ээ бекен? Бийлик адилеттүү болсо, артка кылчайып, дал ушул боюнча териштирип көрбөйбү? Көпчүлүк күтүүдө...
"Азия Ньюс" гезити